Menu

Жапон насыясына Бишкек-Ош жолунун айрым коркунучтуу участкаларында таш менен көчкүдөн коргой турган галереялар курула турганы белгилүү болду

Бөлүшүү:

 

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет «2015-жылдын 26-октябрында кол коюган Япония Өкмөтүнүн нотасына карата КР жооп Нотасын жана КР Өкмөтү менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу долбоору боюнча карыз жөнүндө макулдашуусун ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Келишимге ылайык, Жапон Эл аралык кызматташтык агенттиги Ош-Баткен-Исфана жолунун жана Бишкек-Ош жолунун айрым участокторунун курулушуна 11,915 млрд иен (116,47 млн доллар) өлчөмүндө жеӊилдетилген насыя берет. Насыя 0,1 пайыздык үстөгү менен 40 жылдык мөөнөткө берет, анын алгачкы 10 жылы жеӊилдетилген мөөнөт болуп саналат. Ал эми кыргыз тарап долбоорду 1,727 млрд иен (16,88 млн доллар) көлөмүндө кошо каржылоого тийиш.

Бул насыяга Бишкек-Ош жолунун айрым коркунучтуу участкаларында таш менен көчкүдөн коргой турган галереялар да курула турганы белгилүү болду. Андан сырткары, узундугу 700, 200, 100 метр үч тоннель тешилет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

+ 22 = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: