Menu

Кыргызгидромет: 20-мартка чейин туруксуз аба ырайы күтүлүүдө

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча агенттиги берген маалыматка ылайык 2016-жылдын 16-мартынан 20-мартына чейинки аба ырайы.
Бишкек шаарында 16-март күнү түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн экинчи жарымында жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кечинде 14 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 2…4° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 13…15° жылуу болушу күтүлөт.
Ош шаарында 16-март күнү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 3…5° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 12…14° жылуу болушу күтүлөт.
16-март күнү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактардын автожолдорунда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
17-18-март күндөрү жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
17-март күнү түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын айрым жерлерде күтүлөт. Тоолуу аймактардын автожолдорунда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
19-март күнү түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде жаан-чачын күтүлөт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.
20-март күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − 45 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: