Menu

Прокуратура кызматкерлери мамлекеттик тилден сабак алып жатышат

Бөлүшүү:

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борбору прокуратура кызматкерлерине “Юридикалык терминдер кыргыз тилинде” аттуу окуу семинарын өткөрүп жатат. Аталган окуу семинары Европа Союзу тарабынан каржыланып, КР Башкы прокуратурасынын Прокурор кызматкерлерин кесипке даярдоо борбору тарабынан уюштурулган. Мамлекеттик тил боюнча сабаттуулугун арттыруу үчүн республиканын бардык аймактарынан кызматкерлер келишкен.
Прокурор кызматкерлерин кесипке даярдоо борборунун директору Д.Каимова: “Мыйзам долбоорлору жана башка укуктук-ченемдик актылар алгач расмий тилде даярдалып, андан соң мамлекеттик тилге которулганда айрымдарынын мааниси жагынан бир топ ажырымдар пайда болуп келет. Ушул көйгөйдү чечүү үчүн жана прорукорлук ишти алып барууда, иш кагаздарын жүргүзүүдө мамлекеттик тил талаптагыдай колдонулуусун камсыздоо максатында окуу курсун уюштурдук,” – деп билдирди.
Учурда жүрүп жаткан “Юридикалык терминдер кыргыз тилинде” аттуу окуу семинарында дасыккан окутуучулар Окуу-маалымат борборунун директору А.Т.Исманкулова, методист Т.Н.Абылкасымова жана Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын котормо бөлүмүнүн башкы адиси Мундузбек Абдыжапар уулу иш алып барып жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − 66 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: