Menu

Карыздык баалуу кагаздарды чыгаруу жүрүмүн жөнгө салуу чаралары өркүндөтүлүүдө

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеште камсыз кылынган карыздык баалуу кагаздарды чыгарууну жана жүгүртүүнү жөнгө салган мыйзамдык базаны өркүндөтүү максатында иштелип чыккан “Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда парламенттин кароосуна чыгаруу чечими кабыл алынды.

Мамфинкөзөмөл кызматынын берген маалыматына караганда, баалуу кагаздардын өнүккөн рыногусуз, анын ичинде күрөө менен камсыз кылынган карыздык баалуу кагаздарсыз өлкөнүн заманбап каржылык тутумун элестетүү мүмкүн эмес. Күрөө менен камсыз кылынган карыздык баалуу кагаздар – эмитент күрөөгө чыгарган карыздык баалуу кагаздар болуп саналат. Карыздын көрсөтүлгөн мөөнөттө толук төлөнүшүн, дивиденттердин өз маалында төлөнүп берилишин аткарууга болгон кепилдикти камсыз кылынган карыздык баалуу кагаздар менен эмитент берет.

Мыйзам долбоорунда кыймылсыз мүлктөр, мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздар, эмитентке таандык башка баалуу материалдар камсыз кылынган карыздык баалуу кагаздар боло ала тургандыгы тууралуу жобо камтылууда. Күрөөнүн наркы чыгарылган карыздык баалуу кагаздардын суммасына тете болууга тийиш. Камсыз кылынбаган карыздык баалуу кагаздарга караганда камсыз кылынган карыздык баалуу кагаздардын активдери кооптуулугу төмөн активдер катары каралат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 59 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: