Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында КСДПчы депутат Мээрбек Мискенбаев Сариев баштаган өкмөт 2016-жылдын майына жетпей тарап кетүүсү мүмкүн деди.
«Мен бир кездери Сариевдин өкмөтү Данияр Усеневдин өкмөтүнө окшоп баратат деп айттым эле, көрсө андан да ашып түшөт экен. Мындай темп менен кетсе бул өкмөт майга да жетпейт булар энергохолдинг түзүп, Балкыбаевдин схемасынан да ашып түшүштү»-деди эл өкүлү.
КСДПчы дептат, апрель окуясынын активдүү катышуучусу Мээрбек Мискенбаев премьер-министр өлкөдөгү митингдерге себепчи болууда деп эсептейт.
Булак:”Эгемен”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ