Menu

Тбилисиде студенттер нааразычылыкка чыкты

Бөлүшүү:

Тбилиси мамлекеттик университетинин нааразылыкка чыккан студенттеринин бир тобу ректордун иш бөлмөсүнө кирип барып, анын кызматтан кетишин талап кылышты.

Маалыматка караганда, бүгүн эртең менен ондогон студенттер университеттин күзөтчүлөрү менен катуу тирештен кийин ректор Владимир Папавдын иш бөлмөсүнө кирип барып, ал кызматтан кетмейинче бөлмөдөн чыкпастыгын айтып отуруп алган.

Бул чатак окуу жай кызматкери Георгий Гаприандашвили университеттин канцлери кызматына келүүсү ыктымалдыгынан чыгып, бир канча күнгө созулган нааразылыктын жеткен чеги болду. Студенттер бул киши грузин атайын кызматынын жашыруун агенти деп шектенип, атайын кызмат өлкөнүн башкы окуу жайындагы абалды өз агенттери аркылуу көзөмөлдөөгө аракет жасоодо деп эсептөөдө.

Шейшембиге караган түнү аталган окуу жайда Гаприандишвилинин тарапкерлери менен каршылаштарынын ортосунда калайман мушташ чыкты. Мындан улам ал кырдаал курчуп кетишинин алдын алуу максатында канцлерликтен баш тартканын жарыялады. Бирок ректор “академиялык жараяндагы туруктуулукту камсыздоого” шылтап, студенттердин талабын аткаруудан баш тартты.

Студенттер анын иш бөлмөсүн ээлеп алгандан бир канча сааттан соң аларды чыгып кетүүгө көндүрүштү. Студенттер ректор алар менен жолугушуп, талабын карап көрөт деген убадага макул болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 22 = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: