Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Үй-бүлө кодексине киргизилген өзгөртүүлөр боюнча мыйзамга кол койду.
Документке ылайык, мындай ары тууган арасындагы никеге жана тажик маданиятына өөн учураган ысымдарды ыйгарууга тыюу салынды.
Тажикстанда тууган арасындагы никеге расмий түрдө тыюу салынды. Кыз-жигит үй-бүлө курардан мурун милдеттүү түрдө медициналык кароодон өтүшү керек.
Эки атанын балдары, бөлө-жээндер жана эмчектеш ага-эжелер эми никеге тура албайт. Өлкөдө тууган арасындагы үй-бүлөлөрдөн майып балдар арбын төрөлүп жатканына адистер кабатырланган соң, парламент ушундай кадамга барган.
Жаңы мыйзамга ылайык, наристеге буюм-тайымдардын, азык-түлүктүн, жаныбарлардын, куштардын жана адамдын ар-намысына шек келтирген, улуттук маданиятка жат ысымдарды ыйгарууга тыюу салынды.
Жыл башында Тажикстан өкмөтүнүн алдындагы Тил жана терминдер боюнча комитети тажик ысымдарынын тизмесин түзгөн. Мындан ары жаңы төрөлгөн наристеге дал ушул тизмедеги аттар гана берилет. Бирок Тажикстандагы башка улуттун өкүлдөрү өз салттарына жараша балдарына ат коё алышат. Мыйзам жол берет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ