Кечээ, 15-март күнү Жалал-Абад областтык сотунун судьяларынын жалпы чогулушу өттү. Чогулушта «Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Жалал-Абад областтык сотунун төрагасынын орун басарлары Алаев Мухамед Абдивалиевичтин жана Кожобекова Гүлмира Турдумаматовнанын бул кызматта 3 жылдык мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, алардын ордуна областтык соттун төрагасынын жаңы орун басарларынын шайлоосу болду.
Судьялардын жалпы чогулушунда ачык шайлоонун жыйынтыгы боюнча Жалал-Абад областтык сотунун судьяларынын арасынан Жалал-Абад областтык сотунун төрагасынын орун басары – административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын төрагалыгына Арзыбаев Алмазбек Субаналиевич, ал эми Жалал-Абад областтык сотунун төрагасынын орун басары – жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын төрагалыгына Исамидинов Данияр Илиязович, судьялардын бардык добуштары менен шайланышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ