Menu

Президент Порошенко Надежда Савченконун жактоочулары менен жолукту

Бөлүшүү:

Украина президенти Петр Порошенко аскер Надежда Савченконун жактоочулары Марк Фейгин, Николай Полозов жана Илья Новиков менен кездешти.

Жолугушууда Порошенко адвокаттарга ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. Анын пикиринде, жактоочулар бардык күчүн жумшап, Надежданын күнөөсүз экенин далилдөөгө аракеттенишүүдө.

“Силер оор кырдаалдасыңар. Бирок силердин аракетиңерден улам Орусия тараптап Савченкого коюлган айыптар негизсиз экенин биз дүйнөгө далилдеп бердик”, – дейт Порошенко. Анын айтымында, азыр ал Савченко үчүн санкциялык тизме киргизүү тууралуу жигердүү кеңешмелерди өткөрүүдө.

Президент Савченкону мекенине кайтаруу үчүн өзүнүн конституциялык ыйгарым укуктарын колдонууга даярдыгын бир нече жолу ырастаган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 + = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: