Menu

Кыргызстанда экономикалык кризистин себептерин бийликтегилер көбүнчө дүйнөлүк кризиске шылтап отура берет

Бөлүшүү:

Кыргызстанда экономикалык кризистин себептерин бийликтегилер көбүнчө дүйнөлүк кризиске шылтап, айла жок дегендей мамиле кылган учурлар көп кездешет. Мына дүйнө мамлекеттери тактап айтканда экономикалык кубаты күчтүү өлкөлөр алдыңкы жылдарга болгон прогноздордо каржы каатчылыгы келаткандыгын жар салышууда.
RIT Capital Partners инвестициялык фондунун башчысы Джейкоб Ротшильд АКШ, Евросоюз же Кытайга дүйнөлүк кризистен чыгууга жардамы тиет деп ишенбөө керектигин билдирген. Ал эми 8-мартта экономика жана бизнес улуттук ассоциациясынын сессиясында Эл Аралык Валюта Фондунун (МВФ) башчысынын орун басары Дэвид Липтон глобалдуу экономикалык системанын кыйроо коркунучу өсүп жатканын айтып чыкты. Ал чынында дүйнөлүк экономика абдан кыйынчылык абалда экендигин моюндады жана келечектин корунучтуу элестерин түшүргөн эң негизги эки маселени атады. Биринчиси-суроо талаптын жана планетардык ИДПнын өсүү темпинин төмөндөшү. Экинчиси – азык-түлүк жана каржы рынокторунун туруксуз өскөндүгүнө байланыштуу коркунуч.
Эл аралык валюта фондунун өкүлү дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн лидерлерине «экономикалык иш-аракеттерди колдоого жана дүйнөлүк экономиканын туруктуулугун калыбына келтирүү үчүн убакыт келди»-деп кайрылды. Андан сырткары мыкты дүйнөлүк экономистер доллардын курсунун өскөндүгүнө жана чийки затка болгон баанын төмөндөшүнө байланыштуу айрым мамлекеттердин кризистен чыгууга мүмкүнчүлүгү абдан аз экенин айтышкан. Андайларга КМШ мамлекеттери жакындап кетээрин дагы айрым дүйнөлүк ММКлар айрым экономистердин пикирлерине таянуу менен жарыялап келишет.
2015- жылы Орус экономикасы 3,7 пайызга төмөндөгөн, АКШ- 2,4 пайызды кошкон ал эми Европа Биримдиги 1,8 пайызга өскөн. Дүйнүк рыноктун көпчүлүгүн ээлеген Кытай өзүнүн жаңы көйгөйлөрү менен глобалдык экономикалык кризистин себепчиси болуп калышы мүмкүндүгүн дагы эске салгандар бар. Кыргызстан дүйнөлүк экономикага тутамдаш экенин, айрыкча стратегиялык өнөктөштөрүбүз Орусия менен Кытайдын экономикасы бизге таасирин абдан эле тийгизе турганын жакшы билебиз. Бирок, аларды карап отура берүү акылсыздык, же экономикалык кризисти аларга шылтоо андан дагы акылсыздык экенин биздин өкмөт акебиз жакшылап билет деп ишенели.

Булак: “Эгемен”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 48 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: