Menu

Роза Отунбаева, Аскар Акаев масондор мененби?

Бөлүшүү:

«Бардык доордо, азыр ого бетер болуп көрбөгөндөй, дүйнөнү, биринчи кезекте купуя коомдор башкарат». «Саясатта эч нерсе кокусунан болбойт, эгер бир нерсе болсо, анда ошондой ойлонуштурулган» Рузвельт

 Дүйнөдө масондордун кубаттуу уюму жашап келери тууралуу аңыз кептер арбын. Бул уюмдун ишмердүүлүгү расмий айтылбаса да, коомчулукта көп божомол, сөздөр бар. Атүгүл масондор кыргызстанга да кирип жеткени, айрымдар анын мүчөлөрү экендиги жөнүндө көптөн бери айтылып келет. Бул бекеринен айтылбаса керек, чынында, масондор акыркы учурларда кыргызстанда ачык эле иш жүргүзүп келет. Муну алардын символу тастыктап турат. Ооба, Бишкектин көчөлөрүндөгү айрым имараттарда масондордун «жалгыз көзү» көз салып турат.… IMG_2575   

images (2)Америка учурунда, тагыраак айтканда бир-эки кылым мурун эле  жаш козудай төрөлүп, акырындан ажыдаар болуп сүйлөп, ажыдаардай алектенет. Бул өлкөдөй бийликчил, каардуу өлкө дүйнөдө жок. АКШ дүйнөлүк жандармага айланып, аны башкарууга умтулат. Ооба, бул биринчиден масондордун, анан америкалыктардын максаты.  АКШнын эркиндик резолюциясына кол койгондордун 50%ы масондор болгон. Демек, ажыдаардын башы Америкадан, Англиядан чыгып турганы бекеринен эмес. Айтор масондорду түшүнүү үчүн орто кылымга кайрылсак дагы ачык болот.

Масондор тарыхынан үзүндүмасондордун жести. Бул шайтандык жест саналат. Же шайтанга берилгендикти билдирет.

Масондордун башаты 1307-жылы Франция Королу Филипп IV тарабынан жок кылынган Тамплиер орденинен башталат. Алар Европадагы, Азиядагы абдан бай, таасирдүү адамдар болгон. Акырындык менен Тамплиерлер Папачылыктын жолун кесе баштаганда, алар жол кылынган. Бул Францияда шумдуктуу окуя болгон. Бирок, алар акырындык менен масон катары кайра жанданышкан. Тирүү калган Тамплиерлер бүт Европаны курган ташчыларга айланып, көз карандысыз артелдерди салган. Орто кылымда Англияда куруучуларды “free masons”(фрии масонс) – «эркин ташчылар» аташкан. (орто кылымдарды курулушка негизинен таш колдонулган, ошондуктан куруучулар – ташчылар болгон –автор Б.Н) Тарыхый документтерге караганда, алар дүйнө жүзү боюнча эркин жүрүшүп, маданий курулуштарды, монастр, чиркөөлөр, соборлорду курушкан. Кээде алар курулушту он жылдап, кээде жүз жылдап курушкан. Ташчы-куруучулар курулуштун аймагында жашашкан. Мына ошентип “ложа” пайда болгон.

Ложанын ачыкка чыгуусу

масон ложасыБиринчи масон ложасы XVII кылымда Англияда негизделип, масончулук катары 1717-жылы Лондондо “Англиянын Бириккен Улуу Ложасы” ((ОВЛА) (UGLE — United Grand Lodge of England) катталган. Ошентип, масончулуктун пайда болуусунун негизги версиясы орто кылымдагы куруучу-ташчылардын корпорациясынан алынат. Бирок, өйдөдө айтылгандай, тээ түбү тамплиер ордени дооруна – XIII — кылымга такалат.

МАСОНДУК ДИНИЙ, ИДЕЯЛЫК САЯСАТТАР

Булар христианчылыкка көмүскө  каршы чыккан  абдан бай, бийликчил коом болгон. Масондор өздөрүн коомчулуктун элитасы санашат. Алар дүйнөнү жамандыкка жана  жакшылыкка бөлбөйт. Бул алардын символикаларында көрүнөт. Негизинен алар пантеизмди (кудай бардык жерде) купуя тутунушуп, өздөрүн “люциферан” (жарык ташыган кудай каарына калган периште) аташат. Алар теги демондук башталыштарды көрсөткөн символикаларды; өзгөчө, Мендэс эчкисинин жылдызчасын жактырышат.Мендес эчкиси - Бафомет

Масондордун башкы максаты – диндерди жоюуу, өзгөчө бүткүл адамзатында  христиан динин жана анын канондорун жок кылуу. Бул максатка ылайык алар христиандарды бузууга Демондук Мендес - эчки жылдызы. Масондордун жакшы кёргён символуумтулушат. Ошондуктан, христианчылыкка ор казган философторду, ойчулдарды жана жазуучуларды, ошондой эле бардык саясый башаламандыкты жана революцияларды уюштуруп, мамлекетке каршы элдин нааразычылыгын ойготууну колдошот.

Масондордун негизги үч милдети бар

Адамдар демократиялык баалуулуктарга ишенип келишет, Бирок бул болгону саясат жана оюн гана; демократиялык, республикалык кылып, экөөнү бир камырдан жуурушкан. Аларга айырмасы, жок, бири болбосо, экинчиси утат. Масончулук айрым (купуя) уюмдар аркылуу коомду башкаруунун анык бир механизми катары түзүлгөн. Масондордун негизги үч милдети бар: Биринчиси – бардык христиан өлкөлөрүндө еврейдик башкаруунун шовинисттик характерин купуя тутуу. Экинчиден – еврейдин башкаруусунун төмөнкү структурасына «гойлордон» (еврей эместер) тартуу. Үчүнчүдөн – бул дүйнөлүк башкарууну сыр тутуу, ачыкка чыгарбоо.

Эгер бардык өлкөлөрдө жалаң еврейлер башчылар болсо, анда аны жергиликтүүлөр жактырбай коймок. Аларды тепсеп кетмек. Ал эми эл өз кишиси лидер болуп турганын көрсө, көп нерсени байкабайт, негативдүү эмоциялар аз болот. Анан бул структурасыз башкаруучулукта ошол лидер көмүскө характер күтөт, ошентип «гой» лидер өзүн марионетка катары сезбейт. Масончулук аркылуу бүт элдердин үстүнөн еврейлердин оккупациясы байкалбайт жана аны коомчулук түшүнбөйт дагы.

Масондук уюмдары ар түрдүү жана алар көз карандысыз көрүнөт. Бирок, алар башкаруунун бир бүтүндүк пирамидасында турушат.  Масондор ар кандай кооз аталыштагы уюм боло алат, эң адамгерчиликтүү, эң гумандуу максаттарды токушу да мүмкүн. Бирок, түпкү маңызы ошол бойдон калат. Масондордун бийлиги  тукумдан-тукумга муундан-муунга өткөрүлөт. Масончулук бул дайыма мафия болгон жана мафия бойдон калат.

Рокфеллер 33 баскычтагы масон

_6hpObxfWvQДжон Рокфеллер 33-баскычтагы АКШнын бүтүндөй, атүгүл дүйнөнүн саясатын, экономикасын өзгөрткөн адам. Ал 1928-жылы минтип айткан: “Биздин колдоосуз, биздин макулдугубузсуз жана биздин батасыз бир дагы король, король саналбайт”. Бул сөз масондордун кубатын ачыктабай койбойт. Масондордун 1-99га чейинки баскычтары бар:  1-баскычтан 33-баскычка чейин – бул эл аралык мафия. 1-ден 66-га чейин – бул еврей мафиясы. 1-ден 99-га чейин – левит мафиясы. Андан жогоркусу – оккульттук шайтандык структура. Тагыраак айтканда, еврей эместер 1-градустан 33-градуска чейинки эле масон боло алат. Еврей болсо 1-ден 66-градуска чейинки масон боло алат. Ал эми левит (еврей ыйыктары) 1-ден 99-градуска чейинки баскычтагы масон боло алат.

Масондор чыккынчылыкты кечирбейт

Американын президенти болгон Кеннедини ким билбейт. Кандай ойлойсуңар Кеннедини эмнеге атышкан. Ооба, бул жөн гана өлтүрүү эмес, бул эл алдындагы каардуу жаза-атуу болгон.

Масондордун символдору: “Дүйнөдөгү жаңы тартип”1404101601

Алардын символдору, принциптерин бардык жерден, атүгүл бүт дүйнө табынган доллардан дагы көрө алабыз.  Бир доллардык  купюрадан эле кызыктуу да, сырдуу да көп нерсени көрөбүз. Доллардын дизайнын россиялык масон, окультист Николай Рерих түзгөн. Андагы пирамиданын үстүндө көздү ар ким көргөн. Бул көз дүйнө үстүнөн көзөмөлдүктүн символу. Ошондой эле, анын астындагы лентадагы жазуу: “Дүйнөдөгү жаңы тартип” дегенди билдирет. Масондор дүйнөдөгү жаңы тартипти кылымдар бою самаган. Алар толук жана талашсыз бийликти каалашкан.

Бир долларлык купюрадагы масондук символдор

mason2Масондордун жакшы көргөн саны “1”, “13”, “666”:

1). Бүркүттүн үстүндө 13 жылдыз. 2) Бүркүттүн тырмагындагы 13 жебе-ок. 3). 13 оливка жалбырагы. 4) 13 бутактагы жалбырак. 5) Пирамиданын 13 кирпич баскычы. 6). Жазуудагы 13 тамга. 7). Бир доллардын размери 66,6 дюйма. Ошондой эле АКШ желегин 13 сызыктан туруп, жакшылык менен жаманчылык бир дегенди билдирүү катары колдонулат.

Кыргызстанда масондор барбы?images (1)

Буга чейин кыргыз басылмаларында кыргызстандык масондор тууралуу ар кандай  кыскача жоромолдорун жазып келишкен: 2007-жылы М. Эшимканов Мурат Султановдун, “Мурат Маковецский” деген паспорту бар экендигин жазган эле. Көп өтпөй Суталинов масон ложасынын мүчөсү экендигин, Марат Трахтанберг наамындагы израил паспортун алгандыгы айтылган. Бул анын тамашасыбы же жокпу билбейт экенбиз. Ошондой эле, президент кезинде Бильдерберг уюмунункупуя жыйналыштарына катышып жүргөнүнөн улам Роза Отунбаеваны да масон ложасынын мүчөсү катары санашат. Ырасында, Бильдерберг уюму да масондорго  тиешелүү. Ага каалаган ар ким эле  катыша албайт. Атүгүл Аскар Акаевди да бул уюмга катышкандыгын айтып келишкен. Дагы мурунку тышкы иштер министри Муратбек Иманалиевди да масон деп шектенгендер бар. Ал эми Сорос фондунун экс-жетекчисиЧынара Жакыпованы масондордун кишиси десек логикага туура келет. Анткени, Соростун өзү масон.

Баса, бул уюмдун мүчөлөрү негизинен президенттер, ири компания, мекемелердин жетекчилери саналып, алар экономикалык, саясый маселелерди чечүү же таасир берүү үчүн жыл сайын чогулуш жасашат.

Ошондой эле, Нышановдун (2013-жыл, 30-январь) сайттардагы: “Акаев, Отунбаева, Атамбаев жана Текебаев – масон ложасынын мүчөлөрү” деген билдирүүсүндө Текебаевдин мыйзамы марионеткалык формада, бирөөлөрдүн көрсөтмөсү менен жазылганын айтат. 1992-жылы  Аскар Акаев жана Чынгыз Айтматов Париж клубунан Кыргызстанды күрөөгө коюп 2,5млд доллар алгандарын да масондор менен байланыштырат. Ырас, бул уюм да масондорго байланыштуу.

Бишкектеги масондук “Американ скуул” – Америка мектептериIMG_2578

Бишкектеги “Американ скуул” англис тили курстарынын имараттарынын жарнамаларын карасаң, өйдөдө айтылган, бир америка доллар купюрасындагы пирамиданын төбөсүндөгү “жаркырап тийген жалгыз көз” символу жаркырап илинип турат. Ооба, бул символ Бишкектин көчөлөрүн көрккө чыгаруу үчүн эмес, же жөн эле илинбегени айкын. Демек, бул курстар масондук проектилерге кирери айдан ачык. (Бул окул тууралуу дагы кайрылабыз)

Эл деми

Белек НОГОЙ

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 31 = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: