Menu

Алыкул Осмоновдун 101 жылдыгы өтөт

Бөлүшүү:

2016-жылдын 17-мартында саат 1000дө Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында кыргыз элинин улуу классик акыны,  сыймыктанган инсаны Алыкул Осмоновдун туулган күнүнүн 101 жылдыгына байланыштуу

«Билсин бизди жаш  муундар, мактасын

Эскиртпесин эстеринде сактасын.

Алдыбызда өмүр турат түгөнбөс,

Артыбызда өлбөй турган эл калсын»

аттуу эскерүү поэзия кечеси өткөрүлөт.

Кыргыз адабиятынын классиги, акын Алыкул Осмонов 1915-жылы 21-мартта Кыргыз Республикасынын азыркы Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында төрөлгөн.

Ата-энесинен эрте ажыраган Алыкул  беш жашынан Пишпек, андан кийин Токмок балдар үйүндө (1920-1929-ж.ж.) тарбияланат.

1936-жылга чейин «Чабуул» журналынын, «Ленинчил жаш» газетасынын редакцияларында иштеп, чыгармачылыкка багыт алат. Басма сөзгө эң биринчи ыры 1930-жылы жарыяланса, 1935-жылы «Таңдагы ырлар» аттуу алгачкы ырлар жыйнагы басылып чыккан. Чыгармачылыгынын урунттуу учурун айгинелеген «Махабат» жыйнагы (1945-ж.) жана өмүрүнүн акыркы беш жылында жарык көргөн «Жылдыздуу жаштык», «Чолпонстан», «Балдар үчүн», «Менин жерим – ырдын жери», «Жаңы ырлар» ж.б. ырлар жыйнактары кыргыз поэзиясынын көркөмдүк-эстетикалык деңгээлин жаңы бийиктикке көтөргөн.

А. Осмонов таланттуу котормочу да болгон. Грузин акыны Шота Руставелинин «Жолборс терисин кийген баатыр» дастанынын кыргыз тилинде алты ирет басылышы адабияттагы өзгөчө окуя. Ал Пушкиндин «Евгений Онегин» романын, У. Шекспирдин «Отелло», «Он экинчи түн» трагедияларын, И. А. Крыловдун тамсилдерин,               Ш. Перронун жомокторун, К. Чуковскийдин бир топ чыгармаларын которгон.

Республикалык Ленин комсомолунун эң биринчи сыйлыгы А. Осмоновго ыйгарылган. Кыргыз адабиятына сиңирген эмгеги үчүн «Ардак белгиси» ордени менен сыйланган. СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

Кыргызстанда жалпысынан 20га жакын мектеп, Тоо чокусу, бир кеме «Алыкул» наамында.

А. Осмоновдун алтымыштан ашык ырларына обон чыгарылып, кинорежиссерлор акын тууралуу тасма тартышкан.

Акындын бир нече ыр жыйнактары, поэмалары жана балдарга арналган чыгармалары орус, англис, эстон, казак тилдерине которулуп, төрт ыры япон тилиндеги «Дүйнөлүк акындар» альманахына кирген. Анын өмүрү, чыгармачылыгы боюнча көптөгөн адабий, публицистикалык жана илимий эмгектер, китептер жазылуу менен кыргыз адабият тарыхында, илимде  Алыкултаануу багыты улам кеңири кулач жаюуда.

1987-жылы А. Осмонов атындагы адабий сыйлык уюштурулуп, бүгүнкү күнгө чейин 20 адамга лауреаттык наам ыйгарылды.

Алыкул Осмонов музейинде өтүүчү поэзия кечесине Бишкек шаарындагы   А.Осмонов атындагы орто мектептин окуучулары, № 3 кесиптик лицейинин студенттери, таланттуу жаш акындар, акындын талантын сыйлаган окурмандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышат.

 

Дареги: Бишкек ш., Ю. Абдрахманова көч., 208.

              Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы. Тел. 30-52-84

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: