Menu

«Кулча иштетип, акчасын төлөбөгөн ишканалар көбөйдү”

Бөлүшүү:

Учурда Кыргызстанда  жумушсуздуктун жалпы деңгээли 8%ды  түзөт деп айтылат.   Расмий статистиканын маалыматына караганда, экономикалык жактан активдүү калктын саны 2,5 миллион адам. Ал эми жумушсуздардын жалпы саны 201 миң. Анын ичинен аялдар 98 миң, эркектер 103 миң адам. Жумушка орноштуруу кызматында каттоодо 88 миң жаран турат. Бул расмий статистиканын маалыматы. Бирок эл арасында иш издегендер мындан да арбын. Өлкөдөгү жумушсуздук күчкө толуп турган жаштарды мигрант болуп кетүүгө, дагы башка кылмыштарга барууга, кыздарды сойкулукка түртүүдө.  Айтор жумушсуздук күндөн-күнгө күч алып турган мезгил. Биз бүгүн жумуш издөөдөгү  айрым көйгөйлөргө токтолдук. 

Аида ПАМИРБЕК кызы: «Үч күн бою бекер иштетип, анан кете бер деген кафелер көп»

-Аида, кайсы аймактан келдиң? Жакшы жумуш издегениңе канча жылдын жүзү болду?

1124478_ishchu-rabotu-nyani-18983-Мен борбор калаабыз Бишкек шаарында эле төрөлүп чоңойгом. Азыр 26 жаштамын.  Мектепти бүтүргөндөн кийин атайын курстарга барып чач тарач кесибине ээ болдум. Немец тилин үйрөнүп, Германияда эки жыл иштеп келдим. Үч тилде эркин сүйлөйм. Өз мекенибизде эле иштейин, жакшы иштер табылып калаар деген ниет менен келгем. Бирок тилегимди таш капты. Бишкекте жумуш издөө чоң көйгөй экен. Алгач өз кесибим менен иш издей баштадым. Бирок ойдогудай  иш табылбады. Айлык акысы өтө аз же дагы башка толгон-токой себептери бар.

— Жумушту кантип, кай жактан издеп жатасың?

-Жумуш издеген жаштардын көпчүлүгү эле интернеттен резюме толтурушат. Албетте  анан жаңы чыккан гезит беттерин барактап жумуш издешет. Мен деле  ар  бир шаршемби күндөрү таң эрте «Работа» аттуу гезитти сатып алам. Өз кесибиме ылайыктуу жумуш чыкпай анан жарнактарда «Народный» дүкөнүнө кассир керек экенин окуп алгач бул жердин сырын жакшы билдим. «Народный» дүкөнүнө иштөө үчүн алгач эки ай акча төлөп окуп, сертификат алып анан ишке кирет экенсиң. Ишке киргенден кийин жумушу абдан оор. Таңдан кечке карыш жылбай иштейсиң. Анан төлөгөн эмгек акылары 8 миң сом. Карандай эмгек менен тапкан ошол 8 миң сомду да жөндөп карматкылары келбей бөлүп-бөлүп алгыла деген талаптары бар.

-Шаарыбыздагы бир топ кафелерге да иштеген  экенсиң?

-Жарнактардан кафелерге иштөөгө жумуш көп чыкты. Менин тажрыйбам болбогондуктан ал жерге ашпозчу болуп иштегеним жок . Идиш жуугуч же официантка болуп иштеп жүрүп шаарыбыздагы кафелердин кайсынысы кандай төлөп берээрин, кандай мамиле жасашаарын билгендей болдум. Абдан кардары көп жакшы кафелерде иш оруну табыла бербейт. Анткени алар ойдогудай төлөп беришет. Орун бошоп калса рекламасы жок эле иштей тургандар четтен табылат. Кардары аз кафелер кыздарды бекер иштетүүнүн сонун жолун таап алышкан. Кафеге иштөөгө кыз керек, жакшы эмгек акы төлөнөт деген жарыяларды беришет. Иштегени барсаң 3 күн стажировкадан өтүшүң керек дешет. Үч күн бою күндүзгү саат 10дон тартып түнкү 11-12лерге чейин тикеңден  тик туруп иштеп бересиң. Үч күндөн соң жаккан жоксуң кете бер дешет. Менин таң калганым кыздардын аягы үзүлбөй эле биринин артынан бири келе беришет. Айрым өтө уяты жоктор 15 күн,  бир ай иштетип эмгек акыңды алаар кезде ар кайсы шылтоону айтып, ичкен оокатыңды эсептеп төлөбөй коюшат. Мен да шаарда өскөм. Өз укугумду тебелетким  келбей арызданып баштаганымда  айласыз  төлөп  берүүгө  мажбур болушат. Айылдан келген кыздар укугун тебелеткен бойдон кала беришет. Кафелерге иштей калам деп дагы бир шумдуктуу нерселерди көрдүм. Пол жуугуч, идиш жуугуч болуп ар кандай оорукчан аялдар дагы иштеп жүрүшөт. Колдорунда шишиктери, жаралары бар. Бир аз тапкан тыйынын кайра ичип сала турган аракка берилген аялдар  да бар. Алар жарыбаган эмгек акыга же арткан бир аз тамак- ашты алып кетүү үчүн деле иштеп жүрө беришет. Акчанын айынан  ушундай адамдарды иштеткен, акча дегенде жандарын берүүгө даяр кафе ээлери бар.

-Ал кафелердин атын атай аласыңбы?

-«Блогадеть» деген шаарыбыздын эки жеринде жайгашкан кафе бар. Бул кафеге бир топ күн иштегенимден кийин жарыбаган эле эмгек акы төлөп беришти. Бул кафе ээси ата-энем кийлигишип, өз укугубузду коргоо үчүн көп жерлерге кайрылаарыбызды айтып чырдашканда айласыз эмгек акымды төлөп берди.

Гезиттеги жарнамалардан жакшы жумуш табууга мүмкүнбү?

-Эркек адамдарды айталбайм. Кыздар үчүн жарыя аркылуу иш издеп барсаң баягы эле шаарыбызды каптаган сетевый маркетингге же сексуалдык кызмат көрсөтүүгө чакырган шумдуктарга күбө болосуң. Түзүгүрөөгү  ушул экен деп  барган жериң жанагындай кафелер болуп чыгат. Айтор шаарыбызда жумуш издөө чоң көйгөй.

 Жаштар, студенттер кантип жумуш издешээрине кызыгып Улуттук университеттин 2-курсунун студенти Нурсултан САДЫБАКАСОВго кайрылдык:

 Студенттердин жумуш издөө көйгөйлөрү

Нурсултан Садыбакасов Студенттер иштөөгө, эмгек акы табууга университетте окуу графиги туура кабыл алынган эмес. Биринчиден, сабактардын күнүгө окшош так расписаниеси жок.    Мисалы, мен окуган университетте, кээ бир күндөрү сабак тогуз жарымда  башталып кечки саат төрттө, кээде бирде башталып кечки  жетиде бүтөт. Айтор ар бир күндө ар кандай убакыт менен окуйбуз. Анан, жумуш издесең  мындай график менен эч ким кабыл албайт.  Экинчиден, мугалимдер студенттердин иштешине каршы, силер окушуңар керек дейт.  Бирок  ар бир ата-эне балдарын материалдык жактан камсыздай албайт. Ошону менен бирге  студент кезиңде  эмгектенүүгө үйрөнө билсең эрте жашоого такшаласың, бутуңдан турасың  деген пикирдемин.  Көп студенттер «Мен эмне кылганды билем? Колумдан эмне келет?» деп өздөрүнө суроо узатып,  жооп  издегенди билишпейт.   Анан кандай жумушка  бараарын да билбей, ар кайсы жакты бир сүзүп, кыдырып жүрө беришет, так чечими жок. Өзүнүн жөндөмүн, мүмкүнчүлүктөрүн  билген  студенттер  деле  жумушту каяктан издегенди  биле беришпейт.  Ошондуктан студенттерге  жумуш  табууга же жок дегенде кеңеш берип турганга бир  уюм болсо жакшы болмок. Студенттерге жумуш табуу боюнча семинар, тренингдер болуп турса жакшы болмок.

 Студенттерге кандай жумуштар бар?

Кайда иштесе болот? Чындыгында азыр студенттерге мүмкүнчүлүктөр арбын. Интернет дүкөндөрүнүн офистерине барып жумуш тапса болот, компьютер дүкөндөрүнө  кеңешчи же компьютер оңдоого жардам берип (эгерде  ушул сфераны жакшы билсе), кыздар кийим саткан дүкөндөргө иштегени оң. Уюлдук операторлордо (Билайн, Мегаком, О!) көп вакансиялар бар. Айта кеткенде, эгерде чет тилдерди билсе машыктыруучу (репетитор)  болуп иштесе болот, мисалы, балдарга англис тилин үйрөтүп иштесең болот.

 Резюме толтурууга да билим керек

Ар кандай коомдук иштер менен алек болуп, өзүн-өзү  өнүктүрүү керек. Ошондо резюме оңой түзүлөт. Анткени ар кандай грамота, сертификаттар болот. А жумуш берүүчү адамдар менен мамиле түзгөндү билеби, иш жөндөмү  кандай деп ошол жакты карайт. А резюме бош болсо бири да сенин кандидатураңа кызыкпайт. Анан дагы чоң нерсе компьютер менен чет тилдерин жакшы  билиш керек . Айта кетчү нерсе,  көпчүлүк  студенттер туура резюме толтурганды билишбейт. Эптеп-септеп толтуруп жиберишет да мени эмнеге албай койду деп аябай таң калышат. Кээ бир студенттер «мен бул жумушка иштебейм, мен мындан жакшы жумушка татыктуумун» деп иштебей жата беришет. Ошолорго айткым келет, «жаман жумуш жок, жаман жумушчулар бар» деп. Анткени мааниси эмне, кандай жумушта иштегениңдин мааниси жок. Келечекте татыктуу, өзүңдү-өзүң бага ала турган адам болушуң керек. Ар бир  бизнесмендер көчөдө газета, сагыз сатып өз ишкерликтерин баштап акырында миллионер, миллиарддерге айланышкан. Муну тарых тастыктап турат.

 Фейсбук жумуш табууга көмөктөшөт

фейсбукФейсбук социалдык тармагы атайын жумуш издегендер үчүн кесиптештер баарлашууга ыңгайлашкан версиясын чыгарат. Кийинки жылдын январь айынан тартып фейсбуктун администрациясы «Фейсбук иште» аттуу жаңы версиясын тестирлөөнү баштамай болушту. Анда фейсбукка катталгандардын жеке баракчаларынан алардын жеке жашоосу эмес ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алууга болот. Көрүнүшү кадимки фейсбуктай болгон жаңы версияда жаңылыктар лентасы жана лайк коюу мүмкүнчүлүгү болот. Бирок анда оюн ойноого болбойт. Фейсбуктун жаңы версиясы интернеттеги бизнес коммуникация жаатындагы тестирлөөгө 300дөн ашык компаниянын кызматкерлери катышат. Алардын арасында Шотландиянын падышалык банкы дагы бар.

 

Жамиля НУРМАНБЕТОВА

Булак: “Жаңы Агым”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: