Menu

Адилет Айтикеев, журналист: “Атамбаев, провокатор, эл бөлгүч Айтмамат жаныңда турат, камабайсыңбы ошону!”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-мартта Ош шаарында иш сапары менен жүргөн Алмас Атамбаев оппозицияга асылганына
Биринчиден, Атамбаев өзү провокатор. Провокация кылып жүрүп бийликти алды. Бийликке келип жатканда тымызын элди бөлүп: “Мен Таластыкмын, өзүңөрдүн балаңарды колдогула” деп, Баткенге барып аларга да жердеш болуп, аларга башкача сүйлөп, Чүйгө келип тымызын жан жөкөрлөрү аркылуу ушак таратып: “Чүйлүктөр, Оштуктарга бийликти бербейли” деп элди бөлгөн ким? Ишенбесеңер Өмүрбек Абдырахмановдон сурагыла. 23-мартта Абдырахманов өзүнүн карамагындагы “Азат” деген мебелканасына оппозицияны чогултканда ошол жерден: “Бийликти түштүк алыш керек деп болбогон нерсени айтасыңар, ким биринчи Ак үйдү басып алса бийликти ошолор алат” деп эшикти тарс жаап чыгып кеткенин Өмүрбек байке айтып калат. “Таластыктар эл эмес, Манас атабыз өлөөрүндө өзүнүн байбичеси Каныкейди таластыктардан Ташкентке качырган, Ташкентке” деп Нарында бакылдаган ким эле? Жалал-Абаддагы жол тоскон апаларды ОБОН аялдарга теңеген ким эле? Эгер ошончолук провокаторлорду жаман көрөт экен, анда неге Айтмамат деген трайбалист провокаторду мэр кылды? 2010-жылы 12-13-майда Үсөн Сыдыков баш болгон трайбалисттердин тобу Оштун, Жалал-Абаддын, Баткендин облакимчиликтерин басып алып, мамлекетти бөлө жаздаганда Ошко губернатор болом деп күпүлдөгөн Айтмамат Кадырбаевди эмнеге таш бараңга алдырбайт? Айтмамат Кадырбаев Ошто туруп Жалал-Абаддагы Бакиевге чалып: “Курманбек Салиевич, келе бериңиз, мени губернатор кылып Ошко дайындасаңыз, мен мобуларды кууп чыгып Сизди алып келем. Керек болсо түштүктү бөлүп алабыз” деп бакылдаганын Оштун эли жакшы билет. Бул тууралуу Мырзакматовдун китебинде да учкай жазылган. Айтмамат Кадырбаев өзүнүн трайбалисттик көз карашы, сепаратисттиги үчүн 2010-жылы соттолбоду беле? Анда эмнеге экинчи инстанциядан аны актатып туруп мэр кылдыңар? Айтмамат Бакиевдерди Ошко чакырып, Ошту бөлүп алабыз деп бакылдаганда Оштун элин сабырдуулукка чакырып, элдин ынтымагын сактап калган Мелис Мырзакматовду коррупционер, провокатор деп айткандан уялбайсыңбы Атамбаев! Коррупционер, провокатор жаныңда турат! Кама ошону андай кыйын экенсиң!
Экинчиден, бечара жигиттердин убалына калып, бийликти кан менен төңкөрүп, канга чыланган хан болуп отурган да Атамбаев өзү. Карапайым балдардын аркасы менен келип алып бийликти бизнеске айланткан, Раим, Айтмамат, Сарпашев, Турсунбеков сыяктуу ууру олигархтарды мамлекеттин майлуу жерлерине алып келип чогуулап мамлекетти тоноп жатканыңар калппы? Журналист Семетей Талас уулу байкебиз айткандай эгерде карапайым эл ошондо силердин ичиңердин арам экенин билгенде, кайра эле Кыргызстанды Акаев менен Бакиевдин командасынан калган ууру-кески, кузгун-сагызгандарга кармата берээриңерди билгенде “Бакиев силерди ырас гана камады, чииригиле ошол жерде” деп басып кетмек. Азыр ошол сен провакатор, кузгун атап жаткан Азимбек Бекназаровго окшогон кыргыздын жигиттери жаныңда болбогондо азыркыга чейин өзүң айткандай “параша” жыттап отурмаксың.
Атамбаевдин малайларына кулак кагыш: Мени эмне деп шыбасаңар шыбай бергиле. Мындан ары Атамбаевди таптакыр сыйлабайм дагы, аны президент деп эсептебейм. Мындай президенттин барынан жогу!
Адилет Айтикеев, журналист
Булак: Iskra.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 12 = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: