Menu

Ош: Президент оппозицияны шайтанга теңеди

Бөлүшүү:
Ош шаарында 6 миң куб таза суу сактаган кампа ачылып, ага өлкө башчы А.Атамбаев катышты. Президент иш чаранын ачылышында сүйлөп жатып, Оштун элин ынтымакка чакырды жана бириккен оппозиция кыймылын шайтандар деп атады. 
Ош шаарында 60 миң адамды таза суу менен камсыз кыла турган суу кампасы ишке берилди. Буга чейин Ош шаарынын эли жаан-чачын кезде ылай аралашкан суу ичип жүрсо эми ага карабай дайыма таза суу ичип калышат.Таза суу ачылышына катышкан өлкө башчы А.Атамбаев Ош шаарынын социалдык көйгөйлөрү четинен чечилип келатканын, шаар тургундарын ынтымактуу жашоого, улут аралык чыр чыгарууга аракет кылган күчтөрдү ээрчибөөгө чакырды.
-Кыргызстандын келечеги абдан кең. Бизге ынтымак абдан керек, өзгөчө Ош шаарында. Ынтымакты сактабай, дагы бир жолу бузукуларга жол берсеңер, ачык айтайын Оштун элин сыйлоо кыйын болот. Ынтымак тууралуу баланын кичинекей кезинде кулагына куюп коюш керек. Азыр башка жерге барсак Ош шаары тууралуу башка кептерди айтып калышат. Мага ишенип койгула, 5 жыл ичинде Кыргызстан коңшу мамлекеттерден озуп кетти. Биз туруктуу мамлекетке айланып калдык, коңшулар бизге суктанып жатышат.

Мамлекет башчысы мындан башка элди биримдикте болууга чакырып, жакында Ош шаарында Бириккен оппозициялык кыймылдын өкүлдөрү тарабынан өтө турган митингдер элди эки бөлө турганын, алар бир гана бийликке умтула турган максаты бар экенин айтып өттү.
-Бизде кээ бир адамдар бар кан төгүлгөн сайын акча табат. Бирөөлөр өлүп көчөдө калат, бирөөлөр кабат кабат үй салып жыргайт. Кээ бирөөлөрдүн жалаң гана бийликке умтулат. Мына азыркы оппозицияда жүргөн кээ бир губернатор, мэрлер бар. Алар иштен кетип жатып мен оппозиция болом деп кеткен. Буларга кызмат, пара, өзүнүн курсагы гана керек. Буларга эл, ынтымак, Кыргызстандын келечеги бир тыйын. Булар шайтандын кулдары, шайтандын азгырыгын ээрчигендер. А мен кызматтан кетсем, өзүмүн айылымда болом. Бир иш туура эмес болсо дайыма өз башым менен жооп берем.
Бириккен оппозициялык кыймылдын мүчөсү, “Эл үнү” кыймылынын лидери Б.Асанов Жалал-Абад шаарында митинг өткөрүп, президент А.Атамбаевдин кызматын таштап кетүүсүнө 10 күн мөөнөт берген. Ал 24-март күнү Ош шаарында чоң масштабдагы курултай өткөрүлө турганын,анда эч кандай кан төгүүсүз бийлик алмаша турганын айткан.
-Бүгүн 14-март президент А.Атамбаевдин күнү бүтөөрүнүн биринчи күнү. А.Атамбаев революциянын максатына жеткирген жок. Бүгүн булар кутурду. Анын айдоочусу, чарба башчысы Бишкек шаарынын мэри болуп калды. А.Атамбаев бүгүн бандиттердин башында турат. Эмне үчүн журналист Т.Акимов колумда эл аралык чыр чатак чыгуучу маалымат бар деп жатат. Мына ушуну ачыкка чыгарса эл аралык чыр чыгат деп жатат. Ал А.Анапияевди буйрук берип өлтүргөн. М.Мырзакматовго А.Анапияевди салып коркутуп жатып, кызматтан кетирди. Бирок ал көп узабай көзү тазаланды. Биз бийликти тынчтык жол менен алмаштырабыз.
Байкоочулар, акыркы кездеги электр энергиясынын баасы, социалдык жөлөк пулдарды кыскартуу, үй жана автоунааларды камсыздандыруу маселелери оппозициянын элди митингге алып чыга турган негизги себептер болуп жатат дешет. Ал эми коомчулукта Ош шаарынын жергиликтүү бийликтери 24-март күнгө белгиленген Бириккен оппозициялык кыймылдын курултайын чачыратып бузууга жоон топ аял-эркектерди топтоп, даярдап койгон деген пикирлер айтылууда.

 Булак: “maralfm.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: