Menu

Алмаз Атамбаев: “2005-жылы Ак үйдү мен биринчи басып алгам, анан Бакиевге берип койгом”

Бөлүшүү:

“Биз 2010-жылдагы 7-апрель революциясынын маанисин жакшы түшүнө бербейбиз. 7-апрель революциясы 2002-жылы Аксыда башталган. Ошол, 2002-жылы 17-мартта кыргыз эли биринчи жолу үй-бүлөлүк башкарууга каршы көтөрүлгөн”, – деп билдирди кечээ, 16-мартта Алмаз Атамбаев Ошто жүргөн сапарында.
“Аксыда эл бийликке каршы чыгып, биринчи жолу бейкүнөө адамдарга ок атылып, бир нече жигиттер каза болгон. Анан 2005-жылы 24-мартта биз Акаевди үй-бүлөсү менен өлкөдөн кууп чыкканбыз. Силер көп нерсени билбейсиңер. Мүмкүндүк болгондо биз аны силерге сөзсүз көрсөтөбүз. Буга чейин аны силерге көрсөтө элекпиз. Бишкекте элди биринчи Ак үйгө ким баштап келген? Ким эң биринчи Ак үйдү басып алган? Ал киши мына, силердин алдыңарда турат – мен. Бирок, андан ары элди токтото албай калдым. Койгула десем болобой Ак үйдү талкалап салышты. Ошол 2005-жылы эл мени Ак үйгө көтөрүп киргизип олтургузушкан “Атамбаев биздин президентибиз” деп. Бирок, биз анан Ак үйдү Бакиевге берип койдук. Бакиев жакшы киши көрүнгөн анда”, – деди Алмаз Атамбаев.
Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: