Menu

Төлөгөн Наралиев, Апрель баатыры: “Атамбаев, “Ата-Бейитте” курман болгондордун сөөктөрүнүн алдында берген убадаңардын кайсынысы аткарылды?”

Бөлүшүү:

2009-жылы Бакиевдин үй-бүлөлүк авторитардык режимине нааразы болгон оппозиция “БЭК” кыймылын түзгөн эле. Ошондо Сиз Алмаз Шаршенович “БЭК”тин башчыларынын бири катары, бийлик менен Элдин ортосунда “көпүрө” болуу аракетиңиз текке кеткендигин моюнуңузга алуу менен, бийлик толугу менен узурпацияланганын, энерготарифтин көтөрүлүшүн, уюлдук телефонго 60 тыйын кошулганын жана башка бир топ социалдык- экономикалык, саясий көйгөйлөрдү кескин сындап Элге чыккан элеңиз. Сизге ишенип, жакшы заман алып келе турган ушул киши, көп жылдан бери бийликтин терс аракеттерин ачык сындап жүрөт деп, Сизди колдоого алганбыз. Азыркы учурда эмне өзгөрдү? Өткөндө ММКлардан окуп  калдык, Нарындык “Ата-Мекен” партиясынын мурдагы бир активисти айткандай: “Ата-Бейитте” көзүңөргө жаш алып, бейкүнөө Элдин келечеги деп курман болгондор менен коштошуу аземинде берген убадаңардын кайсынысы аткарылды? Силердин максатыңардын түпкү маңызы эми түшүнүктүү болуп жатпайбы. Элди курал катары  пайдаланып, эптеп бийликке келүү болгон тура, калганын Революциянын “чыгымдары” катары эсептеп койгон экенсиңер. Бул “чыгымдар” адам эмес ат көтөргүс  жүк болуп канча деген тагдырларга балта чабылып, кечирилгис болуп жатпайбы. Сөзүм куру, популисттик болбос үчүн өзүмдүн жеке ой жүгүртүүмдү бөлүшүүнү туура көрдүм.Чындык ар дайым ачуу болот, ошондой болсо да “өзөктөн чыккан өрттү” угуп коюуңузду жана калыс жыйынтык чыгарарыңызды үмүт кылып, мурдагы Сиздин шакиртиңиз. 2010 жылга чейин даярдыкта жана 6-7 апрелде мурдагы бийликтин кысымдарына карабай, коркпой-үркпөй революция жасаганда оюбузда эч кандай мансаптуу ойлор жок болгон. Болгону чирип бүткөн бийликти кулатууга  Сиздерге жардам берип, таза Элим деген адамдар келсин деген гана тилек болгон. Жыйынтыгында эмне болду? Бир нече үй-бүлөлүк башкаруу кланы гана качып кетишти. И.В. Сталин учурунда айткан эле:”кадрлар баарын чечет” деп. Азыркы Сиздин кадр саясатыңыз толугу менен мурдагы бийликтин ыкмасынан ашып түштү. Тегерегиңизде 90пайыз андан ашпаса, Акаевдин, Бакиевдин кадрлары, ошон үчүн башыбызды сайып революция жасадык беле? Өзүңүз айткандай мурдагы бийликтин убагында түзүлгөн коррупциялык схемаларды, ошолор түзгөн да, эми ошолор жоебу? Өздөрүнүн жем жеп жаткан акырына түкүрүшмөк беле, Сизди Алмаз Шаршенович ушул кадрлар туңгуюкка такап, ушул кризиске алып келишпедиби. Эртең башка система  бийликке келгенде алар ошолор менен да ымала түзүүгө даяр экенин кантип байкабайсыз. Ысык-Атада, “Форумда” жана башка жерлерде бизди окутууда “семинарларда” башкача окутпадыңыз беле, Мекен үчүн күйүп, патриот болуу биринчи орунда эмес беле? “БЭК” кыймылынын өкүлдөрүн жер-жерлерде дайындоо мезгилинде Талас облусунун Кара-буура районуна жаш курагына байланыштуу Элүүбай Отунчиевдин ордуна мени сунуштаганда, эч ойлонбостон макулдугумду берген элем, ошол убактагы кырдаалды Өзүңүз жакшы билесиз, бул тобокелчилик болгон. Ал чечимдин негизги себеби, Силерге ишенген элем, азыр ал ишенимдерим таш капты. 2010жылы 7-апрелден кийин Кара-буура районуна аким шайлоодо 12 талапкерлердин ичинен Эл мени акимдикке шайлаган эле. Эки жыл райондун акими болуп иштедим, жаманбы- жакшыбы ага Эл тараза. Өзүмдүн жеке пикиримде таза аракеттеримди жасап, талыкпай иштедим, кырдаалдын курч мезгилинде туруштук берип, стабилдүүлүктү сактап, Элдин социалдык маселелерин чечүүдө салымым чоң деп айта алам. Эң негизгиси мите курттай болгон коррупциядан алыс болдум десем жаңылышпаймын. Жеке демилгем менен залкар жазуучубуз Ч.Т.Айтматовдун айкелин райондун борборуна орнотууга жигердүү салым коштум деп эсептеймин. Кийин ар кандай себептердин айынан башка аким шайланып, обладминистрацияга башкы адис болуп которулдум. Азыркы учурда ушул кызматты да мага ыраа көрбөй,  куугунтукка учурап жатам. Бул чычалагандык эмес, тек гана акыйкат издеп укугумду коргоого акым бар деген ой, жана эң негизги себеби моралдык укугум бар деп эсептеймин. К.Р.Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү  Б. Жуманазаровдун жана ошол аппараттын кызматкерлеринин иштеп жатышына Менин түздөн-түз салымым чоң деп эсептеймин. Бул ызама кыскача токтоло кетейин.   2015-жылы күзүндө аппараттын кызматкерлерине кезектеги аттестация өткөрүлөт.  Аттестация канчалык деңгээлде мыйзамдуу болгонун сот териштирер, себеби азыркы учурда ишти сот карап жатат. Аттестациялык комиссия мени кызмат ордума татыктуу эмес деген чечим чыгарат. Аттестациялык комиссиянын отуруму бир топ мыйзам бузуулар менен өткөрүлгөн деп эсептеймин жана сотко берип укугумду коргоого мажбур болдум, буга жүйөлүү себептер бар. Революциянын айынан жаракат алгандыкыбы, же моралдык-психологиялык запкылардын себебиби ар-кайсы жерим  ооруп дарыланууда жүргөн учурумда губернатор Б.Жуманазаров жумуштан бошотуп коет. Эмне себептен бошоттуңуз деп сурасам, аттестациялык комиссиянын чечиминин негизинде деп жооп айтты. Бирок менин бюллетенде жүргөн учурумду эске алуу керектигин сунуштаган мамлекеттик кадр кызматынын жиберген катын эске албаганы кандай? Талас район аралык сотуна губернатор кайрылган экен, ал жактан менин иш жагдайым, больничныйларым мыйзамдуу деп жооп беришиптир. Ага карабай азыркы учурда областтык каржы полициясына тапшырма берип, кынтыгын тапкыла деп жатканын угуп атам. Биз Бакиевдин куйруктарынан запкы жеш үчүн башыбызды канжыгага байлап чыктык беле, “эрегиштен эр өлөт” жолун издебесек деп ойлойм. Губернатор Б.Жуманазаровдун менден башка кыла турган жумушу жокпу, же мен ал кишинин душманы болбосом, өз ишимди так эле аткарып жүрдүм эле. Угушума караганда Жуманазаров мени интригандардын арасында бар деп ойлосо керек. Жүзүм жарык айта алам, мен андай пас жана ыплас оюндарга тиешем жок. Бирок ар бир жерде хан сарай келемиштери болуп келген жана боло берет деп ойлойм. Бакиевдин учурунда “Ак-Жол” партиясынын куратору болуп Таласка келип, ушул партияга киргиле деп жүргөнүнө карабай губернатор болгонуна менин да салымым бар го. Жеке бу кишиге күнөө артуудан алысмын, жалпы эле башкаруу системасы чирип, ыңгайсыз адамдардан кутулуу жолун издеп, административдик ресурстун ыплас колдонулушун айыптайм.  Алмаз Шаршенович өзүңүз айткандай ”эки тоонун отун эңсеген” досуңуз Текебаев 2011-жылы айтканы бар: ”мамлекеттик жооптуу кызматтарга, айыл өкмөтү болобу, аким болобу, губернаторбу адис жана эң негизгиси Элим деп жүрөгү урган, таза инсан болуусу керек, анча-мынчасын повышение курстарга окутуп алсак болот ” деп.  Азыр бийликтин бардык бутактарында кимдер олтурат, көпчүлүгү ууру-шылуундар, жеп-ичерлер, болбосо эмне үчүн мамлекетибиз өнүкпөйт. Элдин ырыскысын тоноп бүтүштү. Ошол себептен өлкөдө саясий стабилдүүлүк болот деп эч ким кепилдик бере албайт. Башка баатырларга шек келтиргим келбейт, 6-7апрелде революцияны жалпы Эл жасады. Революциядан кийин кырдаалга жана талапка ылайык ар-кандай коомдук уюмдар түзүлдү. Мисалы Ооганчылар жардам сурап өз уюмуна, “Айкөл-Ала тоонун” мүчөлөрү өз уюмуна, “Мекен шейиттеринин” мүчөлөрү өз уюмуна кайрылат экен. Мен “Акыйкат” кыймылынын мүчөсү катары төрагабызга кайрылып, ал киши мыйзам чегинде бир топ жардамын берди. Бирок административдик кысым катуу болгондугуна байланыштуу акырында айтаарым, 2009жылы президенттик шайлоодо Сизди кумир тутуп, талапкерлигиңизди сүрөп, ишенимдүү адамыңыз болуп, КСДПнын Кара-буура району боюнча координатору болгон элем. Менин мээнетимди баалап, жогоруда айтылган маселе боюнча калыстык, акыйкат пикириңизди билдирет деп үмүттөнөм. Мен куугунтукка да, башка кысымдарга да даярмын жана бир коркоорум Сиз оозуңуздан түшүрбөгөн бир гана Алла деп айтам. 
Төлөгөн  Наралиев, Апрель баатыры, 2007-2010ж.ж. КСДПнын Кара-буура районунун координатору, экс-аким

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: