Menu

Табылды Акеров, саясат тануучу: “Бийлик элди бири-бирине тукуруп, ѳлкѳдѳ түзүлгѳн абалдан кутулуунун жолун ойлоп жатат, мунун арты граждандык кагылышуу, трагедияга айланышы мүмкүн…”

Бөлүшүү:

Бийлик жер-жерлердеги митингге чыккан элдин талабына реакция кылуудан мурда, аларды бузукуларга салыштырып, “50-60 гана адам чыгып, кайра тарап кетти” деген маалыматтарды таратып жатат. Бийликтин мындай кадамына кандай баа бересиз?

– Мен бүгүнкү ѳлкѳдѳ түзүлгѳн абалга карап митингдерге канча адам келгени маанилүү деле эмес деп ойлойм. Ѳлкѳдѳ элдин жашоо турмушу итке минген абалда экени жалпыга маалым. Кыргызстанда кайсы гана бийлик болбосун баарынын тең бактысы бар экен. Кыргыздар акыркысына чейин чыдап туруп, анан жедеп болбой калганда бир сокку менен бийликти уруп түшүп жатат. Бир эмес, эки жолу ушундай болду. Бул жолу деле ошондой болот. Эгер бийлик эсине келбесе. Эл митингге келбегени менен чыдап жатат. Бир күнү жарылышы мүмкүн. 2005- жылы да “50-60 киши чыкты алардын жанында анти митингчилдер турду” деп жатып чоң чатакка айланып кеткен. Маалыматты туура эмес берип жатып Аксы окуялары болгон. Бул А. Акаевдин кландык бийликгинин ойрон болушуна алып келген. Таласка караганда Аксыда, Жалал-Абадда эл бир топ эле кѳп келгени ачык эле кѳрүнүп турат сайттардагы, фейсбуктагы сүрѳттѳрдѳн. Буга бүтүндѳй Кыргызстан күбѳ болуп жатат. Бүгүнкү күндүн кѳрүнүшү да дал ошол Акаевдин бийлигинин алсыздоо дооруна окшошуп турат. Кыргызстан бүгүн саясий кризиске кабалганы турат. Бул болсо регионалдык ыдыроо, түндүк менен түштүктүн ортосундагы ажырымды кѳбѳйүп жана башка ушул сыяктуу маселелер менен коштолушу мүмкүн. Себеби, бүгүн бийлик элдин итке минген абалын баары жакшы деп, оппозицияны тааныбай, аны күч менен басып, митингге чыккан элди коркутуу жолу менен тыйып токтотобуз дегендей аракетерди жасап жатканы байкалууда. Акча сунуштап жатат деген маалыматтар айтылып жатат. Мисалы, Аксыдагы митингчилердин жанында аларга каршы тараптагы топтордун митингчилерге каршы кыйкырыктар менен турушу бул демократияны түшүндүрбѳйт. Бул кѳрүнүштѳр Акаев, Бакиевдин учурунан бери келаткан элди бирине-бирине тукуруу методдорунун кайталанышы десек болот. Бийлик элди бири-бирине тукуруп, ѳлкѳдѳ түзүлгѳн абалдан кутулуунун жолун ойлоп жатат. Бирок, бул акыры барып граждандык кагылышка жана трагедияга айланып кетиши мүмкүн. Ал эми кан тѳгүлгѳндѳн кийин, бул процесстер таптаза башка нукта ѳрчүй баштайт. Муну Аксы окуялары таасын кѳрсѳткѳн. Бирок, ага деле болбой бийлик эски методдорго салып, баарын тынчытып коебуз, баарынын оозун басып коебуз дегендей аракеттерге барып жатканы байкалууда. Бул авторитаризмдин орношунан кабар берет.

Булак: Маалымат.KG

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 53 = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: