Menu

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэри: “Жергиликтүү бийлик тарабынан курултайга бут тосуулар болбойт”

Бөлүшүү:

Каарманыбыз ордолуу Оштогу экинин бири болгон, күпүлдөгөн жүрүшкө ээ, анык “мыкчыгердин” бири. Буга чейинки соболдорубузга телефон аркылуу үн катып келсе, бул сапар экинчи калаанын кожоюну мэриянын басма сөз кызматы аркылуу жооп узатты. Эмесе, төмөндөгү маектин жагдайына жараша баа бериңиз окурман… 

–Айтмамат аке, оппозиция өкүлдөрү 24-мартта Ош шаарына курултай өткөрүшөрүн жар салышууда. Алардын уюштуруу иштерине сиздер тараптан бут тосуу же адат болуп калган “жумуртка операциясы” сындуу борбордук бийликке жагынуу амалдарын бул сапар колдонуу болбойбу?

–Эгерде алардын белгиленген курултайы мыйзам чегинде өткөрүлсө, жергиликтүү бийлик тарабынан ар кандай бут тосуулар, тоскоолдуктар болбойт. Буга чейин деле болгон эмес.

Эгерде оппозиция өкүлдөрү же ага келген делегаттар тарабынан мыйзамсыз, жат иштер орун алса, аларга карата кандай жаза колдоносуздар? Сиздерде маалыматтар бар да, оппозиция өкүлдөрү тарабынан акча таратуу менен эл топтоо амалдары алдын-ала колдонулуп жаткан жокпу?

–Кандайдыр бир мыйзамга каршы келген, жат иштер орун алгандыгы туурасында укук коргоо органдарында жетиштүү далилдер болсо, бул багытта мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөөчү органдар гана чара көрүүгө укуктуу.

-Оппозициянын митингинен кийин Ошто бүйүр кызыткан дагы бир маанилүү окуя шаардык кеңештин шайлоосу күтүлүүдө. Өзгөчө жарыш катары санала турган бул аламандан артта калган партия өкүлдөрү калайманды салып, элди көтөрүү амалдарын жүргүзсө, силердин чечим кандай болот? Дегеле мыйзамсыз иштерге досуңуз Сүйүн Өмүрзаков экөөңүздөр кандай пландарды колдонууну максат кылып жатасыздар?

–27-мартта өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоо биометрикалык ыкма менен жүргүзүлгөндүктөн, “шайлоочулардын добуштары бурмаланды” деген нааразычылыктарга бөгөт коюлат. Ош шаарында жалпысынан 73 шайлоо участкалары ачылып, керектүү жабдыктар менен камсыздалды. Жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо мыйзам чегинде таза өтүүсү үчүн жарандарды идентификациялоонун жаңы системасы мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан иштелип чыккандыгы жалпыга маалым. Буюрса, шайлоо күнү атайын окуудан өткөн 300 оператор шайлоочуларга кызмат көрсөтөт. Демек, шайлоо коомчулук күткөндөй ачык, айкын жана таза өтөт.

–Генерал досуңуз Сүйүн Өмүрзаковго таандык Оштогу “Мухаммед Умар” спорт-клубундагы “чоң муштумдар” оппозициянын курултайы менен Ош шаардык кеңешине болгон шайлоодо “элдик кошуундар” катары кырдаалды көзөмөлдөп, кандайдыр бир мыйзамсыз иштер орун алса сиздерге жардам бергенге даяр турушат да ээ?

–Суроого байланыштуу тактоо киргизүүнүн ыңгайы келип калды окшойт. Калыгул үкам, биринчиден, “Мухаммед Умар” спорт-клубунда машыгып жүргөндөр “чоң муштумдар” эмес. Кыргызстандын желегин дүйнөгө тааныткан спорт чеберлери. Спорт жаатында элибиздин намысын коргогон эр азаматтарыбызды “чоң муштумдар” деп атоонун өзү журналистиканын этикасына туура келбесин эсиңерге салгым келет.

–Сөзүңүзгө аралжы, жаңылышып атасыз, “чоң муштум” деген адабий сөз. Бу жерде эч кандай журналистикадагы этика бузулуп аткан жок. Болгону спортсмендерге карата образдуу түрдөгү гана салыштыруу мааниси… Ал эми шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин арасында билим деңгээли, саясый тажрыйбасы аз, тек гана “пулдун күчүнө” таянып чыгып жаткан, криминалдык дүйнө менен камыр-жумур аралашып жүргөн “күлүктөрдүн” чыгып жатышына пикириңиз кандай? Андай катмардагылар депутат болуп келсе, шаардын келечегине кандай “кам көрөт” деп ойлойсуз?

–Шайлоо кодексинин талаптарына ылайык, Ош шаардык кеңешине талапкер болуп катталганга чейин тийиштүү органдар тарабынан текшерүүгө алынат. Демек, сен белгилеген “күлүктөр” тыкыр иликтөөдөн өткөн соң гана талапкер боло алат. Ал эми “билим деңгээли, саясый тажрыйбасы аз” деген сыныңа мен мындайча жооп берейин. Ар бир жаран шайлоого жана шайланууга укуктуу. Ал эми шайланган депутаттарыбыздын сапаттык курамын шайлоочулардын добушу аныктайт эмеспи. Шаарыбыздын өнүгүүсүнө өз салымын кошкусу келген шайлоочу өздөрү татыктуу деп санаган саясый партиясын тандап алуу мүмкүндүгүнө ээ экендигин жоопкерчилик менен сезүүсү абзел.

Шаардык кеңештин шайлоосунан кийин сиздин кызмат ордуңуз карала турганы, ордуңузга мурдагы “акжолчу”, кечеги “атажуртчу”, бүгүнкү КСДПчы депутат, айтылуу көпөс Азамат Арапбаевдин келээри катуу сөз болууда. Мырзакматовдун кетишинен кийинки Оштогу олку-солку кырдаалды басаңдатууга кошкон миссияңызды борбордук бийлик соңуна чыгарган турабы?

–Депутат Азамат Арапбаев менин жакын, жакшы санаалаш иним болот. Калыгул үкам, ушул сурооңо жөн эле коеюнчу? Мени Азамат менен кайраштырбай эле койгулачы?

Калыгул  Бейшекеев

Булак: “АЗИЯnews

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[Ss]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kyrgyztoday.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[Ss]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kyrgyztoday.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[Ss]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kyrgyztoday.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: