Menu

Наралы Асанбаев, журналист: “Оппозиция эмес, Атамбаев өзү кан көксөп жатабы?”

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев КМШ өлкөлөрүнүн президенттери жыйналып жыйын өткөрүп жатканда, Өзбекстандын президенти Ислам Каримовго “Өткөндү унутсак, келечек бизди жазалайт” деп айтты эле. Бирок, президентибиз өзү бийликке кандай жол менен келгенин, кимдер менен чогуу жүргөнүн, буга чейин басып өткөн жолун, көргөн каралоосун заматта унутуп койгонсуду.
Көчөт олтургузганы ишембиликке чыгып, журналисттердин суроосуна жооп берип жатып “Биздин мамлекетте оппозиция болобу, башкасы болобу чогуу иштегени жакшы. Албетте, кемчиликтер бар, алар ачык айтылышы керек. Бирок сөзсүз эле чогулуп, төңкөрүш жасайм дегендерди мен оппозиция деп айтпайм, алар – эл бузарлар, эл душманы. Кыйкырып чыккандардын арты таза эмес. Кыйкыргандардын артында жалаң кан же уурулук бар. Ачык айтайын, алар канга тойбогон кузгунга окшош бузукулар ” – деп айтканы, кечээ Ош шаарына барып,  суу топтоочу жаңы резервуардын ачылышына катышып, эл менен жолукканда “Оппозициядагылар бийликти эңсегендер. Алар шайтандын кулдары. Мына биз беш жылда көп нерсеге жетиштик. Коңшулардан ашып кеттик” деген сөздөрү көп талкууну жаратты. Президенттикке жеткиче  бийликке оппозиционер Алмазбек Шаршенович ким эле? – ушул суроого жооп издеп көргүм келди.
Досторун эмес, бийликти биринчи планга койгон кез
Акаевдик режим кулап, Бакиев президенттикке олтурган алгачкы жылдары оппозиция бир муштумга түйүлүп, катуу талаптарды коюп, борбордук “Ала-Тоо” аянтында митинг өткөзүп, бийликтин шаштысын алып койгон. Бакиев Конституцияны өзгөртүүдөн башка аргасы да калган эмес. Ошол учурда Алмазбек Атамбаев оппозициянын катарында жүргөн. Бирок, бир кайыкта сүзүп бараткандардын ой-тилегин таш каптырып, уурданып барып, Бакиев сунуш кылган премьер-министрликке макулдугун берип, санаалаштарынын, пикирлештеринин артынан бычак сайгандай эле болгон. Бул тууралуу Кубатбек Байболов парламенттен “Алмаз досум, сен биздин аркабыздан бычак сайдың! Ой-тилектерибиздин баарын таш талканын чыгардың” деп айтканы бар. Байболовду ушул сөзү үчүн Алмазбек Атамбаев такыр кечире албайт. Ошол кезде бийлик менен элдин ортосунда көпүрө болом деп келген Атамбаев, сынык көпүрө бойдон калып кетти.
2007-жылы “Бириккен Фронт” түзүлүп, митинг уюштурат. Аянтка боз үйлөр тигилген. Митингге чыккан элди бийлик резине ок менен атып, иттер менен талатып кууган. Боз үйлөрдү талкалашкан. Бул учурда Атамбаев премьер-министр болчу. Аянтка чыккан элди “казелдор, барандар” деп боктогон азыркы президент эле.  “Президент Бакиев көптөргө жакпай турганын билем. Бизде андан башка президент болчу адам жок. Бакиев менен иштешүүгө болот” деп айткан дагы Атамбаев эмес беле. Аны кантип танып кете алабыз? “Бириккен Фронттун” лидерлеринин бири Өмүрбек Суваналиевден маек алганымда  “Чогулган элди Ак үйдүн тегерегинен Москва көчөсү менен алып кеткенге карабай, кайрылып келатканда бизди газ, резина ок менен атып, иттер менен талатып куушкан. Жоону чаап келгендей мактанышкан. Аянтта тизилип турган боз үйлөрдүн түндүктөрүн сындырышып, КАМАЗдарга ыргытышкан. Азыркы президент А.Атамбаев кызуу болуп алып, аянтка чыгып “козелдор, барандар” деп элдин баарын боктогон. Кийин мен Коргонуу, коопсуздук бөлүмүнүн башчысы болгонумда “Бирикке Фронтту” аянттан куугандан кийин биз резиденцияда арак ичтик, ошол жерде күпүлдөдүк. Атамбаев кызуу болуп алып түз эле аянтка келген” деп айтышкан. Мына, Атамбаевдин чыныгы жүзү” деп айтып берген.   (“Жаңы Ордо” гезити, №30 (374), 12-октябрь, 2012-жыл)
Бул бүгүнкү президенттин ошол учурдагы “шефи” Бакиевге жагынайын деп жасаган жоругу деп билсе болот.  Атамбаев оппозициядагыларды өзүндөй көрүп, бийлик үчүн баарын жасайт деген ой менен “Алар бийликти эңсегендер” деп айтып жатса керек.  Сегиз ай премьер-министр болуп иштеген соң Бакиевдин колунан “Даанакер” орденин алып, жумуштан кетип жатканда дагы  бир нерседен үмүт экенсип “ Мен Бакиевге терең ыраазымын. Биз Курманбек Салиевич менен көптөн бери достошуп жүрөбүз. Эсимде, 2003-жылы менин туулган күнүмдө “Курманбек Салиевич, кийинки президент сиз болосуз!” деп айткам. Кээ бир оппозиция лидерлери менен түрмөдө Феликс Куловдун камересында талашканыбыз да эсимде, ошондо дагы “президент Бакиев болот!” деп айткам” деп айтканын ажобуз Атамбаев өзү унутса да, көпчүлүктүн эсинде.
Чогулуп төңкөрүш жасайм дегендер эл бузарлар, эл душманы
Президенттин бул сөзүнө мен дагы кошулам. Карапайым калктын, кырчындай жигиттердин, азаматтардын каны менен бийликке жеткендер эл бузарлар, эл душмандары. Атамбаев да премьер-министрликке митингдин аркасы менен жеткен. Президенттикке дагы жүзгө жакын азаматтын канын төккөн окуянын аркасы менен жетип олтурат. Анда Атамбаевди деле эл бузар, эл душманы деп айтабызбы? Феликс Кулов “Ашууда” деген китебинде “Алмазбек Атамбаев миңдей адам өлсө да биз бийликти тартып алабыз” деп айтканын жазат. Кулов Жогорку Кеңештин депутаты, “Ар-Намыс” фракциясынын лидери болуп турганда   “Жаңы Ордо” гезитине берген маегинде дагы Атамбаевдин ал айтканы чындык экенин тастыктаган. Ошол маектин ток этер жерин гана мисал келтирейин:
“- Ашууда” деген китебиңизде “Алмазбек Атамбаев миңдей адам өлсө да биз бийликти тартып алабыз!” деп айтканын жазган элеңиз.

  • Ооба, Атамбаев мага бул туурасында айткан…”

Жаңы Ордо” гезити, №01 (345), 27-январь, 2012-жыл)
Бул Атамбаев оппозицияда жүргөндө кандай жол болбосун эптеп бийликке жетсем деп аракет кылганынын далили да. Ажобузга бийликке жетүү үчүн миңдей адамдын канын төгүү кара чымынды садагага чапкандай  эле кеп экен. Атамбаев адам канын төгүү менен бийликке жетебиз деп Куловго гана айткан эмес. 2009-жылы оппозициядан президенттикке жалгыз талапкер болуп чыкканда, бир кезде пикирлеш, санаалаш, партиялаш болуп жүргөн Жусупжан Жээнбековго да адам канын төгүү максаты бар экенин билдирген. “Канга тойбогон кузгунга окшош бузукулардын” кан төгүү тууралуу кеп кылганына далил катары Жусупжан Жээнбековдун маегин кыскача берейин:
“- Ошол жерде Атамбаев “Бийликти кан төгүү менен болсо да алабыз!” деп айтканын угуп калгам. Чындап эле ошентип айткан беле?

  • Алмаз Атамбаев “Шайлоонун эртеси күнү аянтка БШКга миңдеген адам менен барабыз дагы шайлоо комиссиясына санатабыз. Кан төгүлсө дагы санатабыз!” деп айткан сөзү бар. Мен ошондо сен эмне элди граждандык согушка түртүп жатасыңбы? Муну токтоткунуң! Утулсак утулдук, утсак уттук дешибиз керек дегем. Ал түнү саат сегизден он экиге чейин талаш-тартыш болгон”

(“Жаңы Ордо” гезити, №02 (304), 21-январь, 2011-жыл)
Бул айткандарын Алмазбек Шаршенович азыр эстей албай жатса керек. “Канга тойбогон кузгундун” сөздөрүн өзү мындан 7-8 жыл мурун оозанып койгон. Алланын периштелери пенде түз сүйлөсө деле, тескери сүйлөсө деле “Оомин” деп коёт эмес. Атамбаев дагы Кудай деген киши да. Сүйлөсө сөзсүз Кудайды күбө тартып сүйлөйт.  Анын “Адамдын каны төгүлсө дагы бийликти тартып алабыз” деп айтканына периштелер “Оомин” кылып коюшса керек. 7-апрелде токсондой эр-азаматтын каны төгүлбөдүбү. Мүмкүн, ажобуз бийликти таза шайлоо жолу менен утабыз деп оозанганда, кан төгүлбөй, бийликке таза шайлоо аркылуу жетмек беле деген ой жаралбай койбойт.
Кыргызстанды бөлүп-жаргысы келген лидер
Кыргызда “Өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт” деген сөз бар. Бүгүн Атамбаев дал ошондой болуп жатат. Оппозицияны “эл бузарлар” деп айтып, кечээ эле өзүнүн ким экенин унутту. 2009-жылы президенттикке талапкер болуп чыккан Алмазбек Атамбаев Базар-Коргон районунун Акман айылына “бөдөнөнүн сүтүнө” же “жинди сууга” тоюп алып, төрт жагынан төрт жан сакчысы жандап, жыйынга көтөрүп  барганы элдин эсинен  кетпесе керек.  Атамбаев коштоп жүргөн адамдар менен  түндө Жалал-Абад шаарындагы мейманкада 40 градус күчү бар “таза суудан” серпишип олтуруп, кызып калганда, аны Жалал-Абаддан тосуп алган Жусупжан Жээнбеков менен айтыша кетип, жалалабаддыктарды боктоп кирген. Ошол түнү ажобуздун оозунан кандай сөз чыкканын, мейманканада кандай окуя болгонун Жээнбековдун маеги толук ачып берген:
“ – Депутаттык мандатыңызды өз эркиңиз менен таштап кеткениңизди билебиз. Ошондо коомчулукта “Жээнбеков мандатын Атамбаев менен келише албай таштап кетти” деген сөздөр тараган болчу. Келишпестиктер болду беле?

  • Биринчиден баламды издешим керек эле. Мыйзам боюнча үгүт иштерине катышпашым керек болчу. Атамбаев “Менин жанымда жүрөсүң, Токтогулга барасың” дегенде, мен барбайм деп болбой койгом. Кийин Жалал-Абадка дегенде макул болуп баргам. Ал Аксыдан келди. Мен Базар-Коргондон тосуп алдым. Кечинде мейманканага барганда сөгүнө баштады. “Мага жакшы мейманкана алып койбодуң!” деп. Барган мейманканабыз Жалал-Абаддагы эң жакшы мейманканалардын бири болчу. Ички жан дүйнөсүндө мени менен урушайын деген ниети бар окшойт, же партиясынан мени кетирүүнүн жолун ойлоп жатканбы, билбейм. Ошол жерден айтышып кеттик. Ага Азимбек Бекназаров күбө. Чынын айтайын Алмазбек Атамбаев ошондо көп ичип алган болчу. Мен Азимбектин көзүнчө “Азимбек оң кулак, сол кулагың менен уккунуң! Жалал-Абад элине Атамбаев ыраазы болсо болот болчу. Жалалабаддыктар премьер-министр кылды. Бирок, бул жалалабаддыктарга бир жолу ырахматын айтып койгон жок. Кайра Жалал-Абаддын элин сөгүп жатат. Мунусу сени да, мени да сөккөндүгү. Эми буга окшогон адам менен бир жерде олтурбайм, саясатта жүрбөйм дедим да чыгып кеттим. Эртеси депутаттык мандатты тапшырыпгам.
  • Эмне деп сөккөнүн билсек болобу?
  • Атамбаев “Нах…мне нужны джалалабадцы. Без твоего Джалал-Абада обойдусь” жана башка оозго алгыс уят сөздөрдү айткан Мас болчу деп айтпадымбы…”

(“Жаңы Ордо” гезити, №02 (304), 21-январь, 2011-жыл)
Атамбаевдин элди бөлүп жарган, эл бузардын сөзүн сүйлөгөнү жалгыз бул гана эмес. Коомдук ишмер, саясаттын казанында жүрүп такшалып калган Бекболот Талгарбеков:
“ … Атамбаев башкы атаандашы Ташиевге айткан сунушу мындай: “Мен түндүккө эле президент болом. Түштүктүн мага кереги жок. Ал жакты бөлүп Түштүк Кыргыз Республикасын жарыялагыла. Мадумаров экөөңөр бириң президент, бириң премьер болгула” деп жазат. Президент ишке киришип жатып, өлкөнүн бүтүндүгүн сактайм деп ант берет эмеспи. Атамбаевдин түштүктү бөлүп, Түштүк Кыргыз Республикасы деп жарыялагыла деп айтканы президенттин сөзүбү? Элди ойлогон адамдын оозунан ушундай сөз чыгышы мүмкүнбү? Кыргызстанды бөлүп-жарганга, түндүк, түштүк республикаларын түзүүгө кыргыз эли Атамбаевге укук берген эмес, бербейт дагы. Бул көлөкөсүнөн корккон адамдын гана оозунан чыкчу сөз.
 
Кечээги айтканын бүгүн танган ажо
Ажобуз мындан 7-8 жыл мурун оппозицияда жүрүп айткандарын азыр унуткандыр. Бирок, бийликке келгенден кийинки мезгилин унутушу мүмкүн эмес болчу. Бийлик колго тийген кездеги сөздөрүн да унутуп коюп жатпайбы, кашайып.  2010-жылы электр энергиясынын баасын көтөрүү күнөө деп айтканын ажобуз эстей албайт экен. Жанында акыл кошчу азаматтар ошол учурда Алмазбек Шаршенович эмне деп айтканын эстетип койсо бүгүн уят болбойт болчу. Журналисттер менен жолугушуу учурунда  “Азыр аймактарда электр энергиясына болгон тарифтерге нааразычылыктар башталууда. Сиздин 2010-жылы тарифтер көтөрүлбөйт деген сөзүңүз бар эле. ушул боюнча позицияңыз? деген суроого “Мен 2010-жылы эч качан тариф көтөрүлбөйт деп айтпагам. Менин башым бар го ордунда. Сөздү чаташтырбай чындыкты айткыла да. Мен бирдеме айтсам баарын кылам” деп кайра суроо берген журналистти ыңгайсыз абалга калтырган.
Көчүгүндө калбыры бар болсо эмне жүрөт? Камап, кустурбайсызбы урматтуу президент!
Кыйкырып чыккандардын арты таза эмес деп айттыңыз урматтуу президент. Көчүгүндө калбыры бар болсо алар эмне үчүн эркиндикте жүрөт? Коррупция менен катуу күрөшөм деп жүрөсүз. Кимдин арты таза эмес экенин так айтпайсызбы? Эл кимдердин көчүгүндө калбыры бар экенин билсин. Кимдин артынан ээрчий турганын эл билүүсү зарыл да. Калктын, мамлекеттин казынасына суук колдорун салып, азыр кыйкырып жүргөндөр болсо алардын чжалгыздап эмес, дүңүнөн камап, жеген акчаларын кайра казынага кустурганга сизде толук мүмкүнчүлүк бар. Сын айтып койгондордун баарын арты таза эмес деп күнөөлөө сиз айтчу сөз эмес урматтуу президент. Хандын сөзү жерде калбашы керек. Арты таза эместердин аты-жөнүн КТР аркылуу жарыялаңыз. Ошондо гана сиздин айткан сөзүңүз чындык болот. Болбосо президенттин сөзү деле катын ушак катары кала бермекчи.
Сындагандар душман эмес, мактап жүрүп жардан учургандар душман 
Президенттин таяна турган бийликтеги командасы жана дүнүйө мүлк, байлыгы боло турган болсо, азыр Атамбаевге таяныч боло турган командасы жок. “Улуу урматтуу” деп тегерегинде жүргөндөрдүн баары жолдон кошула калгандар. Алар эч убакта таяныч болуп бере албайт. Буга чейинки президенттерге да таяныч болуп берген эмес. Атамбаевдин башына иш түшкөндө баары чилдей тарап кетишет. Ажо оппозицияда жүргөндө ага каршы ар кандай интригаларды уюштуруп бийликте жүргөндөр азыр деле ошол жылуу орундарында. Булар оппозициянын табиятын түшүнбөгөндөр. Ошол үчүн эл душманына теңеп жатышат. Президентти байлыгы да оор кырдаалдан сактап кала албайт. Муну бир эмес эки жолу көрбөдүкпү. Ооба, Атамбаев мурункуга караганда иргелип алды. Мүлкүн 10 млн долларга баалаганы да ырас. Бирок, андан 10 эсе көп байлыгы бар Акаевдерди, миллиардерлер клубуна кирген Максим Бакиевди деле байлыгы сактап кала алган жок. Андыктан, ачуу чындыкка чычалабай, айланага  бир сыйра көз чаптырып койгон ашыктык кылбайт, Алмаз Шаршенович.
Эрктүү болуп элдин эсинде калыңызчы президент мырза  
16-март күнү Ошто “Беш жылда жакшы жетишкендиктерге жеттик. Коңшу өлкөлөрдөн ашып кеттик” деп айттыңыз. Бирок, беш жылда сиз ойлогондой өлкө өнүккөн жок. Тескерисинче, экономика артка кетип, келечек туңгуюк болуп, элдин жону жукарды. Коңшуналарыбыздан ашып кетпей эле, бери дегенде 10-15 жыл артта калдык. Казакстандын абалы менен Кыргызстандын абалын салыштырууга мүмкүнбү Алмаз Шаршенович? Же Өзбекстандан ашып кеттик деп мактана алабызбы? Чет өлкөгө барып, карызга акча сурап келүү менен экономика толтуруу бул өнүккөндөн кабар бербесе керек. Бул наны жок калган үй-бүлөө, коңшусунан нан сурап жегендей эле кеп. “Оппозиция келсе таш бараңга алгыла!” дегендей кеп кылдыңыз. Бул элди бири-бирине тукуруу болуп саналат. Оппозиция эмес, сиз кан көксөп жатасызбы? Кыргызды кыргызга таш ыргытып, душман кылайын деген ойдосузбу? Түшүнбөдүк сизге, президент мырза. Ушул да өлкө башчысы, президент элине айта турган сөзбү? Анда канга тойбогон кузгун ким болуп калат? Оппозициябы же президентти?… Журт башы эч качан элин бири-бирине тукурбайт. Ал эл атасынын оозунан чыкчу сөз эмес. Президенттикти Жараткан ар бир пенденин пешенесине жаза бербейт. Президент болгон адам тарыхта кала турган иш жасашы керек.  Россия ыдырап, тарап кетчү абалга жеткенде Ельцин жалпы орус элинен кечирим сурап, бийликти Путинге өткөрүп берип тарыхта калды. Сиз дагы “Мага беш жыл убакыт бердиңер. Мен беш жыл аралыганда эч нерсе жасай албадым, колумдан да келбеди. Мени кечиргиле кыргыз элим. Мен өз каалоом менен президенттиктен кеттим. Өзүңөр кийинки президентти тандап алгыла!” деп жар салып, кызмат менен коштошуп кете берсеңиз, эрдик кыласыз.  Эрктүү президент атыгат элеңиз. Болбосо, президенттиктин да аброю түшүп бүтмөй болду.
Наралы Асанбаев, журналист
Булак: “Жаңы ОРДО”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: