Menu

Эрнис Кыязов, журналист: “КимЧенЫновичтерге” суроо…

Бөлүшүү:

..бул сүрөттүн оң тарабында – Кыргызстан менен Өзбекстандын тикен зым менен тартылган чек ара тилкеси, сол тарабында – Бельгия менен Нидерландынын чек арасы…

сурот эрнис

Эмнени айтайын деп жатам? Каримов бул – бардык Өзбекстандын эли эмес, Путин бул – бардык Орусиянын калкы эмес, Назарбаев деп бардык казактарды түшүнбөө керек, Атамбаев бул – жалпы кыргыз эли эмес. Мамлекет башчылардын жеке жөндөмсүздүктөрү, ички, тышкы саясаттагы керт башын көздөгөн авторитардык, хандык, кландык амбициялары өлкөлөр аралык касташуу катары каралбашы керек эле… Тигине Европада 25 өлкө (!!!) Шенген келишимин түзүп, бир мунасага келип алышкан экен, ошол мамлекеттердин эли бир бирине ээн-эркин, шатыра-шатман каттап жүрө беришет. Аларда чек арада оройлонгон чек арачылар, курсагы чытыраган бажычылар, түрмөдөгүдөй кылып темир торлор менен тоскон тосмолор, тикенектүү зымдар, бийик бетондор, аңырайта казылган чуңкурлар жок…

Береги сүрөттөгү Бельгия менен Нидерландынын ортосундагы чек араны чек ара деп болобу, ал тек гана жылуу формалдуулук экени, бир өлкө менен экинчи өлкөнүн ортосунда сөзсүз президенттик же өкмөттүк жолугушууларда эле “түбөлүк достук туурасындагы меморандумдарга” кол коюп кофе ичишип калбай, мобу сүрөттөгүдөй.. бир кадам ары аттасаң аркы мамлекеттин, бир кадам бери аттасаң берки өлкөнүн аймагында жүрө берчү адамгерчиликтүү, кадыресе, жөнөкөй мамиле күтсө болоору айгине болуп турбайбы.

Менин эсимде, илгери бала кезимде Карасуу шаарында чон дарыянын ары жагында Өзбекстан, бери жагы Кыргызстан экени тек формалдуулук болоор эле, чоң көпүрөдөн ары жакка өтүп өзбектер даамына чыгарып бышырган шашлык, навай нан, халва, анжир жеп, мажүрүм талдары шуудураган, бытпылдыктары сайраган чайханаларда сөрү-тапчандарга олтуруп алып көк чай ичээр элек. Өзбектер да Кыргызстан тарапка өтүп ээн эркип катташып, күлүшүп, иштешип, туугандашып жүрө беришчү.

Менимче, кыргыздар же өзбектер (ж.б. казактар, тажиктер,түрмөндөр…) “…аттаналы, жата бербей курал алып болсо да мекенибизди коргойлу!” дегенден мурда, дээринде биз бири бирибизге душман эмес экенибизди, өлкөнү, мекенди каптап, басып кирип келе жаткан кандайдыр коркунучтуу “желмогуз” жок экенин түшүнүп, даана желмогуз – эки элдин ынтымагын чыңоого саясий-экономикалык жактан реалдуу аракет кылбаган, өз амбициясынан алыс чыга албай, жеке бийлигин жана анын келечегин гана ойлогон, дипломатиялуулукту “тизелөө, чөгөлөө” деп түшүнгөн Атамбаев, Каримов, Назарбаев, Рахмон сыяктуу президент статусу бар “КимЧенЫновичтерге” чоң суроо узатсак туура болмок…

“Эй падышалар! Өзүңөрдү эле ойлой бербей бизди да ойлойбойсуңарбы!!!?” деген суроону…

Эрнис Кыязов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 4 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: