Menu

Бакытбек Үмөтов, Аксынын тургуну: “2007-жылдары айыл башчы чечип койчу чек ара маселесин азыр Президент да чече албай калды”

Бөлүшүү:

2007-жылдары мен ушул Аксы – Ала-Бука авто жолунун чырлуу участогуна жакын жайгашкан Кара-Төбө айылынын айыл башчысы болуп иштечүмүн. Ошол кезде да Өзбекстан техникаларын солдаттарын алып келип чек араны казууга аракет жасашкан. Эң жакын жайгашкан айыл катары биз, Сөгөт айылынын айыл башчысы Замир Баназаров, “Сөгөт” чек ара заставасынын командири Улук Жоошбаев биринчилерден болуп жетип барып, Өзбекстандын өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзгөнбүз. Артыбызда 4 гана аскерибиз бар. Тигил тарапта 40 ка чукул аскер, иттери жана бир нече техникалары бар болчу. Мен командир Улук Жоошбаевдин Өзбекстан аскерлерине: “Эгер силер ушул жерге эксковатордун ковшун жерге киргизип казууга аракет кылсаңар мен на поражение силерге ок атууга милдеттүүмүн, мен силерге эскертүү бердим!” деп айтканы азырга чейин кулагыман кетпейт. Кийин эмне болду, алар бизден сурана башташты, “тигил жерден казалычы, бул жерден казалычы” деп. Ошол убакта биз жөнөкөй 120 түтүндүү айылдын айыл башчысы болчубуз. Мына ошондо өзбектер жөнөкөй айыл башчыдан сураныша турган абал бизде бар болчу. Биз, “жок, бул маселени чек ара боюнча эки өлкөнүн Паритеттик комиссиясы гана чечет” деп сүйлөшүүгө барган эмеспиз. Кийин район, областтык жетекчилер да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алар койгон вариантка барышкан эмес. Эки-үч күндөн кийин ал жер ошол бойдон бизде калган, алар аскерлерин, техникаларын кайра алып кетишкен. Азыр өзбекстан тарап жөнөкөй айыл башчы эмес Президентти да тоотушпай жатат. Бул акыбалга ким алып келгени баарыңарга түшүнүктүү болуш керек…
Бактыбек Үмөтов, Аксы районунун Кара-Төбө айылынын экс-башчысы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: