Menu

Бүгүн, 22-мартта Москвада Кыргызстандын демилгеси менен Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Туруктуу кеңешинин шашылыш жыйыны болуп өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 22-мартта Москвада Кыргызстандын демилгеси менен Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Туруктуу кеңешинин шашылыш жыйыны болуп өттү. Бул тууралу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Жыйында Кыргыз Республикасынын ЖККУдагы туруктуу жана ыйгарымдуу өкүлү А.Мамбетсеитов «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун кыргыз-өзбек такталбаган мамлекеттик чек арасындагы түзүлгөн кырдаал» боюнча маалымат берди.
ЖККУнун туруктуу өкүлдөрү кыргыз-өзбек чек арасындагы түзүлгөн курч кырдаалга тынчсыздануусун билдирди. Түзүлгөн кырдаал боюнча ЖККУнун туруктуу өкүлдөрү мындар ары байкоо жүргүзөөрүн белгиледи.
ЖККУнун туруктуу өкүлдөрү эртеӊ, 2016-жылдын 23-мартында жогоруда аталган жыйынды улантмакчы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: