Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Жалал-Абад облусуна иш сапарынын алкагында Ала-Бука районун тургундары менен жолугушууда билдирди.
Темир Сариев өлкөнүн бүтүндүгүн жана кол тийбестигин сактоо үчүн бардык аракеттер көрүлөрүн убада кылды.
“Биздин өлкөнүн 1 сантиметр жерди эч кимге берилбейт. Бул – Президенттин, Өкмөттүн так, ачык позициясы. Биздин колубузда турган документтер бар. Ошонун негизинде гана сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз”, – деди Темир Сариев
Ошол эле учурда Темир Сариев чек ара эки мамлекеттин ортосундагы макулдашуу менен ишке ашарын билдирип, буга этияттык менен мамиле кылуу зарылдыгын белгиледи.
Премьер-министр Темир Сариев чекара тилкелерин такташуу мселеси эки өлкө ортосундагы макулдашуу менен аныкталган документтерге негизделиши керектигин айтып өттү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ