Ошто милиция менен элдик кошуунчулардын шайлоодо коопсуздукту камсыз кылууга даярдыгы башталды.
Ушу тапта Ош шаарынын борбордук аянтында үч миңдей милиция кызматкери чогулуп турат. Коомчулук арасында бул иш-чара 24-мартта Ошто өтө турган жыйынга каршы бийликтин даярдыгы катары бааланууда.
Бирок облустук милициянын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев бул жоромолду четке кагып, пландык негизде уюштурулган кадимки ишке бөлүштүрүү жана алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо коопсуздукту камсыз кылууга даярдык экенин билдирди.
Ашырбаевдин айтуусунда, учурда аянттагы иш-чарада 3 миңдей милиция жана 2 миңге жакын элдик кошуунчу турат.
27-мартта Кыргызстанда жергиликтүү кеңештер шайланат.
24-мартта Ошто оппозициянын митинги өткөнү жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ