Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча агенттиги берген маалыматына ылайык 2016-жылдын 24-мартынан 28-мартына чейин аба ырайынын болжолдоо баракчасы.
Бишкек шаарында 24-март күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетиши күтүлөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 7…9° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 17…19° жылуу болушу күтүлөт. Ош шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 8…10° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 18…20° жылуу болушу күтүлөт.
24-март күнү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында айрым жерлерде бир аз жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу аймактардын автожолдорунда тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
25-март күнү Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал- Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндуз кээ бир райондордо жаан-чачын күтүлөт. Бийик тоолуу аймактардын автожолдорунда тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
26-март күнү түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарында кээ бир райондордо жаан-чачын күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүзжаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу аймактардын автожолдорунда тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
27-28-март күнү айрым тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы бир аз жогорулайт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ