Menu

Бишкек шаарынын милициясы уурулук фактыларын ачышты

Бөлүшүү:

2016-жылдын 21-мартында Биринчи-Май райондук ички иштер башкармалыгна 32-жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Т.Н., арыз менен кайрылган, анда болжол менен саат 18:00 чамасында белгисиз адамдар арыз ээсинин үйүнүн эшигин талкалап жашыруун түрдөө Телефон, ноутбук,алтын зер буюмдарын 800 АКШ долларын 14000 мин сом акчасын уурдап кетишкен. Жүргүзүлгөн иш чаралардын негизинде Биринчи-Май райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан 22-жаштагы А.Т., 20-жаштагы А.Н. кармалган. Бүгүнкү күндө тергөө иштери жүрүп жатат.
2016-жылдын 22-мартында Биринчи-Май райондук ички иштер башкармалыгна 35-жаштагы Бишкек шаарынын тургуну А.Ж., арыз менен кайрылган, анда болжол менен саат 23:00 чамасында белгисиз адамдар арыз ээсинин үйүнөкиришип, ичинен баасы 28,000 мин сомдук ноудбугун жашыруун турдо уурдап ктикен, кылымышты “Вор, авто-розск, Кастаправ” рейди убагында Биринчи-Май райондук ички иштер башкармалыгынын аймактык тескөөчулөрү тарабынан 34-жаштагы А.Э. кармалган. Кармалган жаран дагы бир нече кылмыш фактыларына шектелүүдө. Бүгүнкү күндө тергөө иштери жүрүп жатат.
2016-жылдын 22-мартында Биринчи-Май райондук ички иштер башкармалыгна 43-жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Е.А., арыз менен кайрылган, анда болжол менен саат 21:00 чамасында белгисиз адамдар, арыз ээсинин уйуно кирип Х-2 улгусундогу баасы 3000 сом турган уюлдук телефонун уурдап кетишкен. Жүргүзүлгөн иштердин негизинде Биринчи-Май райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан 35-жаштагы Бишкек шаарынын тургуну С.Ю. кармалган. Бүгүнкү күндө тергөө иштери жүрүп жатат.
2016-жылдын 22-мартында Свердлов райондук ички иштер башкармалыгна 38-жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Т.Б., арыз менен кайрылган, анда болжол менен саат 12:00 чамасында белгисиз адамдар Бишкек шаарындагы мектептердин биринен, арыз ээсинин кызынын баасы 5500 сомдук “Самсунг” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кетишкен. Жүргүзүлгөн иш чаралардын негизинде Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан 16-жаштагы М.Н. кармалган. Бүгүнкү күндө тергөө иштери жүрүп жатат.
2016-жылдын 22-мартында Октябрь райондук ички иштер башкармалыгна 38-жаштагы Бишкек шаарынын тургуну А.Н., арыз менен кайрылган, анда белгисиз адамдар 2016-жылдын февраль айында Ахунбаев көчөсүндө арыз ээсинин курмөсүнун чөнтөгүнөн “Нокия 301” телефонун уурдап кетишкен . Жүргүзүлгөн иштердин негизинде Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан 28-жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Ж.Д. кармалган. Бүгүнкү күндө тергөө иштери жүрүп жатат.
Бишкек шаарында баңги зат менен бир нече адам кармалды.
2016-жылдын 22-мартында болжол менен саат 05:30 чамасында Бишкек шаарынын Ахумбаева жана Абая кочолорунун кесилишиненен ыкчам иш чара убагында Биринчи-Май райондук ички иштер башкармалыгынын кымыш иликтөө кызматкерлери тарабынан 27-жаштагы Бишкек шаарынын тургуну К.К. кармалып тинтүү учурунда үстүндөгү күрмөсүнүн он чөнтөгүнөн банги затына окшогон кара-кочкул түстөгү, спецификалык жыты бар салмагы 10-грамм (гашиш) табылган. Бүгүнкү күндө тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: