Menu

Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондорунун жашоочуларынын атынан Өкмөткө Кайрылуу

Бөлүшүү:

ӨКМӨТКӨ КАЙРЫЛУУ

Азыркы Өзбекстан аскерлери кирип алып блок пост коюлуп турган жер жана жол тууралуу биз билген маалыматтар боюнча, Кашка-Суу айыл аймагындагы Сары-Булак участкасы деп аталат. Бул айылдын жашоочуларынын үлүш жерлери, чөп жайыт жерлери, мал сарайлары бар жер.
Ал эми Кербен-Ала-Бука унаа жолу Жалал-Абад облусуна Кубанычбек Жумалиев губернатор болуп турганда 22 чакырым болуп салынып, Жумалиевдин жолу деп да аталып жүргөн. Ал жолду эмнеге салган? Бул жол курулганга чейин Кыргызстандын Ала-Бука, Чаткал райондорунун эли Өзбекстандын Нанай, Могол деген айылдары аркылуу облус жана Республиканын борборуна каттап жүрүшкөн. Өзбекстан бийлиги өткөрмө постторду куруп, текшерүүлөрдү күчөтүп, жолдорду казып, кыргыздарды азапка салгандан кийин 22 чакырым келген Кербен-Ала-Бука айланма таш жолу салынган.
Кийинчерээк ал жол асфальтталган. Кыргыздар ээн-эркин жүрүп калышкан, ал эле эмес, Кыргызстандын чек ара кызматынын аскерлери азыркы Өзбекстан тосуп алган жерлерди кайтарууга алып жүрүшкөн. Өткөн жылы Өзбекстандын жарандары жолго чейин чыгышып, жолдон өтүп бара жаткан Кыргызстандын унааларын ташбараңга алышып, талкалашкан. Кыргыз тараптын реакциясынан кийин, тынчып калышкан. Өзбек бийлиги унаа жолго жакын жайгашкан турак жайларды бузуп, элин көчүрүп кетип, ошол аймак нейтралдык аймак катары калган.
Өзбекстандын айылдарында жашаган Кыргызстан атуулдарынан жыл сайын суранышып, малдарын ошол Сары-Булак айылына жайып да кетишчү, акыркы 10 жылда Кыргыз Чек арачылары алардын малдарын такыр киргизбей калган. Эми ошол жерди Өзбекстандын көксөп турганы акылга сыйгыс көрүнүш болууда. Бул маалыматтарды массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлерине, журналисттерге бийлик өкүлдөрү маалымат таркатууда жерлердин (айрыкча Сары-Булак участкасы тууралуу) аттарын так айтуусун суранабыз!
Аксы коомунун төрагасы: Эшбаев. А.
Ала-Бука коомунун төрагасы: Ниязбеков К.
Чаткал коомунун атынан: Азимкулов Ө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Бөлүшүү:

Все права защищены 2012-2021. Сайт разработан Iprofi.kg

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: