Menu

Руслан Каралаев менен Бегалы Наргозуевдин фейсбуктагы айтышы

Бөлүшүү:

Бүгүн, 24-мартта фейсбукта Руслан Каралаев аттуу жаран бүгүнкү оппозицияны сынга алып пост жазды. Анда аты аталган оппозициячыл саясатчы Бегалы Наргозуев Каралаевге жообун берип, ОКБнын бүгүнкү позициясын тактады.

Руслан Каралаев: Жасалма оппозициячылар!
Мындан бир ай мурда Мадумаров, Ташиев, Келдибеков, Бекназаров, Суваналиев, Наргозуевдер бириктик деп жарыялашкан эле. Ал түгүл мен оппозициямын дегендердин баары катарыбызга келип кошулгула деген чакырык ташташкан. Бул биригүү бийликтин жасалма планы эле. Бул торго Суваналиев менен Наргозуев жеңил түшүп беришти. Калгандары баары бийликтин шохалары болушкан. Мадумаров Атамбаев менен дайыма акылдашып тураарын эбак эле ачык айткан. Он күн мурда Оштогу курултайга катышпасын да билдирген. Ташиев болсо кечирим сурап, бийликтин кандай заказы болсо аткараарын убада берген. Келдибеков шордууну шоопур кой айдагандай эле айдап алган. Оппозициянын сүйлөшуүүлөрүн жаздырып келип бересиң деген буйругун илгиртпей аткарды. 24-марттагы курултайга барбайсын. Өлкөдөн чыгып кетип тур десе өлкөдөн чыгып кетти. Чет өлкөдө шоопурдун мындан аркы буйругун күтүп жатат. Бекназаровко келсек бийликтин оппозицияны чачыратып жок кылгыч куралы экени эч күмөнсүз. Дайыма оппозициянын ичине кирип алып чачыратып жок кылат же болбосо чоң митингдерди уюштуруп, элдин ичине чогулуп калган бугун чыгарып, кайра таратып жиберип турат. Кечээ Аксылыктардын бугун чыгарып туруп кайра таратып койду эле бүгүн Оштогу курултай болбойт деп чыкты. Мына туугундар! Жасалма, сатылма, өздөрүнүн сүйлөшүүлөрүн жаздырып алып, бийликке сатып жүргөн оппозициячылардын жүздөрүн көрүп алгыла. Эл кимге ишенебиз?

Бегалы Наргозуевдин жообу: Руслан тууган, биринчиден, биздин бирикмеде Азимбек Бекназаров жок болучу. ОКБнын (Оппозициялык күчтөрдүн бирикмеси) билдирүүсүнө кол койгондор Адахан Мадумаров, Өмүрбек Суваналиев, мен жана Камчы Ташиевдер болгон. Азимбек Бекназаров 2010-жылы Мамлекеттик төңкөрүш жасаган Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, Атамбаевдин досу болгондуктан биз идеологиялык жактан бириге албаганбыз. Экинчиден, биздин бирикменин түзүлгөнүнө али бир ай боло элек жана азырынча чоң иш-чараларды өткөрө элек. Ал эми Ошто 24-мартка белгиленген Курултайды Атамбаевдин досу, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров уюштуруп жаткан. Ал курултайга биз да куш тилиндей чакыруу кагазын алганбыз. Бирок алар биз менен иш пландарын, максаттарын бөлүшпөгөндүктөн биз ал иштерге аралаша албадык. Андай чоң курултайды даярдыксыз, шашып-бушуп өткөрө коюуга болбойт. Бийликке оппозициялык көз караштагы саясатчылар бир муштумга түйүлүп, максаттарын чогуу талкуулап, бир чечимге келип, анан иш башташ керек. ОКБнын мүчөлөрү Адахан Мадумаров, Өмүрбек Суваналиев жана мен күн алыс пикир алышып турабыз жана оппозициялык максатыбыздан тая элекпиз. Камчыбек Ташиев деле бизден алыстабайт деген ишеничтебиз. Адахан Мадумаров Түркияга кызматка барганы боюнча ал кызмат мамлекеттик кызмат эмес экенин, атамбаевдик мамлекеттик структурада иштебегенин, Атамбаев менен эч кандай соодалашууга барбаганын, Атамбаевди алигиче шайлоонун “компьютердик” жыйынтыгы боюнча гана келген президент деп эсептерин айтты жана атамбаевщина менен акыр аягына чейин келишпес күрөш жүргүзөрүн билдирди. Биз Адахан Мадумаровго ишенебиз. Ал эми Өмүрбек Суваналиев 2010-жылдан бери эле “Алмаз Атамбаев президент болуп иштей албайт! Мамлекетти башкара албай кыргыз элин дүйнөгө уят кылат. Атамбаев менен чогуу жүргөнбүз, деңгээлин, потенциалын билебиз. Башкаруучулук тажрыйбасы жок, мамлекетчил эмес” деп айтып келатат жана оппозициялык багытынан тая элек. 2010-жылдан бери Суваналиевге мен билгенден 5 жолу мамлекеттик кызматтар сунуш кылынды. Бирок ал “кан менен келген бийликке иштебейм” деп 5 жолу тең баш тартты. Ошондуктан Руслан мырза, ОКБ боюнча айткандарыныз туура эмес деп эсептейм. Ар нерсенин өз учуру болот. Күтө туралы. Урматым менен, Бегалы Наргозуев.
Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: