“Темир Сариев 22-мартта Аксыга барганда Аксы районунун депутаттары менен жабык эшик артында жыйын өткөрүп, аларга өкмөттүн 2015-жылдын ноябрь айындагы жыйынынын протоколун таштап келиптир. Ал протоколдо “Өзбекстандын территориясы Унгар-Тоодо жайгашкан радиотелестанцияны жылдыруу үчүн райондун аймагынан жер бөлүп бергиле” деп ачык жазылып турат. Анда Темир Сариевдин колу турат. Унгар-Тоодо турган телеантенна аркылуу Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондорунун калкы телесигналдарды кабыл алат. Унгар-Тоо кыргыздын жери, Өзбекстан ал жерге негизсиз эле доомат артып жатат. Талаш жер деген статус жараткысы келет. Ал жердеги чек ара али демаркация боло элек. Демаркация боло элек жерди өкмөт кантип “Өзбекстандын территориясы” деп протоколго жазып районго жөнөтөт? Темир Сариев Унгар-Тоону кандай максатта Өзбекстандын территориясы деп айтып жатат?” – деп билдирди кечээ, 24-мартта Бишкекте өткөн маалымат жыйынында оппозициялык саясатчы Азимбек Бекназаров
Видеотасма Ютубга Азаттык тарабынан жүктөлгөн
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ