Өзүн күчтүү оппозиционер сезген Бектур Асанов деген бирөө бар. Чынында «кыйын» киши. Анын бомбасы да бар, 500 автоматчиги да бар. Баарынын «пачагын» чыгарат. Мына ушул сөздөрүн ал Жалал-Абадда губернатор болуп турганда айткан эле. Кечээ аны Кубаныч Кадыровго кошуп туруп УКМКнын кызматкерлери кармап кетишти.
Эми жанагы мактанып айтып жаткан 500 автоматчиги бошотуп алабы? Кеп ушунда жатат. Коомчулук дурбөлөңгө түшүп, «эми кара басып Бектурдун 500 автоматчиги согуш чыгарабы?» дешүүдө. Бирок негедир автоматчиктерден да дайын жок, бомбасынан да кабар жок. Же Бектурдун төңкөрүш жасай албасын билип бомбасы жарылбай, 500 автоматчиги качып кеткенби?
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ