Ысык-Көлдүн Жыргалаң суусунун жээгинен табылган мамонт дейби, мастодонт дейби, айтор азырынча аныктала элек жаныбардын баш сөөгү табылганына бир жумадан ашык убакыт өттү. Аны барып изилдеген илимий экспедициядан деле дайын жок. Башка өлкөлөр мындайды дүйнөгө жарыялап дүң кылып жатып калчу эле, биз дегеле кыймылдабай койдук. Маданият, маалымат жана туризм министри А.Максүтов “мастодонт Бишкек шаарынын бир музейинин көркүн ачат” деп деле “көркөм” сүйлөдү эле, айтканы айтылган жеринде калды. Ошону менен миллион жыл күткөн белгисиз жаныбар дагы бир нече мезгил күткөнү калды окшойт. Бийликке караганда жергиликтүү тентектер катуу кызыгып, түн ичинде барып, бир азуусун сындырып, эки тишин чагып көтөрүп кетишип, бир топ чуу болду. Азыр ал жер күн-түн кайтарууда…
Булак: “Жаңы Агым”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ