Menu

Кайып Шери, коомдук ишмер: “Ак падышанын чакан элдерге карасанатайлык кылуу саясаты Балкандан башталса керек.”

Бөлүшүү:

-Сиз Үркүн маселеси боюнча өз пикиңизди айтып келесиз. Тарыхчылардын изилдөөлөрунө көпчүлүгүнүн ичи чыкпай келет. Сиз да сындап келесиз. Ошого байланыштуу эл оозунда айтылып жүргөн жаңы бир маалыматтар болсо бөлүшө кетсениз?
-1916 жылкы улуттук боштондук кыймылды айта турган болсок, узун сөз. Биринчи дүйнөлүк согуштун натыйжасында Борбордук Азия эли, анын ичинде кыргыздар да бир топ залал тартты. Бирок, менимче бул проблеманы тарыхчылар терең карашса жакшы болмок деп ойлойм. Себеби, ошол жылдары бир топ саясий процесстер жана окуялар болгон. Мисалы, дуйнолүк согуш алдында Ак падышадан полковник чинин алган Шабдан баатыр Меккеге ажылыкка барган. Жолдо ката Осмон түрк султанына жолуккан. Ал кайтып келатканда да жолугат. Түрк султаны аны өтө ызааттап, «кыргыз ханы» деп атаган кагазын официалдуу тапшырган. Бул документтерде бар. Кайтып келгенден кийин Шабдан баатыр Кыргызстандандагы социалдык-экономикалык проблемаларды көтөрүп Ак падышыга кат жолдогон. Ал каттын мааниси менен падыша таанышып, «бул катты Шабдан өзү жаза албас эле, муну Константинополдон жазып, ажылыктан келаткан Шабданга карматып коюшканго, анда кыргыздар хандыкты эңсеп калган экен деп ызырынып, колундагы катты, ыргытып жиберген экен дешет.
Ошондон биринчи дүйнөлүк согушка чейин Шабдан каза болуп калган. Бирок, ошол учурда Орусия, Англия, Франция антанта тобун тузуп, Германия, Австро-Венгрия, Түркия үчтүктөр союзуна биригип, кырчылдашышкан. Мына ушул согушта ар бир тарап бири-бирине кыянаттык кылыш үчүн бир топ майда элдерди кыргынга учураткан. Мисалы, Орустар балкан жериндеги христиан элдерине бекер мылтык таратып, «түрк көрсөңөр аткыла» деп, жыйынтыгында миллиондогон түрктөр кырылып, кырылгандан калганы, Константипонолго кире качкан деп айтылат. Ызасына чыдай албай, Түрк султанаты Ак падышанын бул кылыгына жооб катары албан мусулмандарын армяндарга тукурган. Султанат ага уда түрктөрдун 4 молдосун (5шинчиси грузин мусулмандарынан болгон) Борбордук Азияга Ак падышага каршы көтөрүлүүгө үгүттөөгө жиберген. Тоо этегиндеги атам замандан бери эркин жашаган кыргыздар колониялык эзүүдөн тажап, ага каршы көтөрүлүүгө дайын болуп калгандыктан түрктордүн 4 молдосунун үгүт иштери жергиликтүү журттун колдоосуна татыган. Шабдан бул күндорго чейин эле каза болуп калганы менен, анын тукуму ж. б. кыргыздын бий тукумдарынан чыккан мыктылар озүлорүн хан деп атап, которүлүштү жетектеп келген. Орус империясы да ансайын кыргыздарды кырып, жок кылуу саясатын күчөткөн. Мына ошондо, Ак падышанын геноцид саясаты Балкандан башталып, анан ал Борбордук Азияда да уланган.Булардын баарын дыкат териштириш керек.
Мына ушинтип, түрктөр дагы, орустар дагы өз кызыкчылыктарында аркеттенген. Менимче, тарыхчылар, адистер изилдөөлөрүндө ушул жагдайларды да эске алыштары керек.
-Ошондуктан, ата –бабаларыбыз илгертен «орус менен дос болсон, ай балтаңды ала жүр» деп бекер айтпаса керек. Азыркы Атамбаев болобу, башкасы болобу дос болгону менен белин чечпеш керек. Болбосо, Москвага үйүнө баргандай каттап, орус бийлик төбөлдөрүн «друг» деп, өздөрүнө орусча ат ыйгарып алгандар чачтан көп болуп баратат.
Менимче, бул маселе боюнча бир эле Орусияны эмес, «Анта» жана «үчтүктөр» союзу өлкөлөрү өзүлөрүнүн өнөктөштөрүнүн бул жырткычтык саясатына кандай баа бергенин же кеч болсо да берерин аныктоо мезгилдин талабы болуп турат. Эгер бул маселе жеке эле Орусия менен Түркиянын карама-каршылыгынан келип чыкса, анда булардын күнөөсүн аныктап, ошого жараша жаза айыбын тартууну караштырыш керек.
Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: