Menu

Кыргызгидромет: 26-марттан 30-мартка чейинки аба ырайы

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча агенттиги берген маалыматка ылайык дем алыш күндөрүндөгү аба ырайы.
Шашылыш билдирүү!

2016-жылдын 25-мартынан 26-мартына чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана Бишкек-Ош (121-138, 198-265 чакырымдары), Каракол-Эңилчек (45-90 чакырымдары) автоунаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Бишкек шаарында 26-март күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 2…4° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 15…17° жылуу болушу күтүлөт.
Ош шаарында 26-март күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 4…6° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 15…17° жылуу болушу күтүлөт.
26-март күнү түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарында кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу аймактардын автожолдорунда тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
27-март күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу аймактардын автожолдорунда тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.
28-март күнү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу аймактардын автожолдорунда тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
29-30-март күнү мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: