Menu

“Аксы коомунун” мүчөлөрүнүн бийликке Кайрылуусу

Бөлүшүү:

Кечээ, 2016-жылдын 25-мартында “Аксы коому” деп аталган Аксы районунун Бишкектеги жашоочулары жыйынга чогулушуп, Аксы аймагындагы Унгар тоо жана Сары-Булак  участогу тууралуу туура эмес маалыматтар таралып жатканын, чек аранын бир тараптуу басып алынышын талкуулашып, Кыргыз Республикасынын Президентине, Жогорку Кеңештин төрагасына жана Жогорку Кеңештин депутаттарына  Кайрылуу кабыл алышты. Кайрылууга Аксыдагы 12 айыл өкмөттүн өкүлдөрүнөн  53 адам кол койгон.
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевге, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы А.Жээнбековго, КР Жогорку Кеңешинин депутаттарына Урматтуу  Алмазбек Шаршенович, Урматтуу  Асилбек Шарипович, Урматтуу депутаттар,
Биз, Бишкек шаарындагы  “Аксы коомунун  ”  мүчөлөрү Аксы районундагы Унгар тоонун Өзбекстанга берилип жатышы жана Сары-Булак участкасын өзбек асакерлеринин бир тараптуу басып алышы боюнча өтө тынчсыздангандыгыбызды билдиребиз. Расмий кыргыз бийлигинин, республикадагы массалык маалымат каражаттарынын Унгар тоону “Үнкүр-Тоо”, Сары-Булакты  “Чала-Сарт”    (өзбектердин варианты болсо керек),  талаш эмес жерди  “талаш жер”, “такталбаган жер”  деп атайылап бурмалап айтып жатканына  нааразыбыз.
Кыргыз Республикасынын Премъер-министри Т.Сариевдин Унгар тоонун чокусундагы Кыргызстандын объектилерин “Өзбекстандын территориясынан чыгарылсын” деген 2015-жылдын 11-ноябрындагы №117/18 сандуу Протоколу  акылга сыйбаган чечим. Унгар тоо качан  Өзбекстандыкы болду эле? Аны ким берген, ким  чечкен?  Эмне үчүн Өкмөт башчысы  райондун депутаттарына тез карап бергиле деп жашырын тапшырма берип жатат?
Ошондуктан,  биз “Аксы коомунун” мүчөлөрү   Кербен шаардык кеңешинин  2016-жылдын 23-мартындагы Кыргыз Өкмөтүнүн бул документин карап, четке каккан чечимин толук колдойбуз. Унгар тоо, Сары-Булак  участкалары кылымдардан бери кыргыздын, биздин ата-бабалардын жери. Эч качан Өзбекстандыкы болгон эмес.
Урматтуу Президент,
Урматтуу төрага,
Урматтуу депутаттар, 
Аксы – Ала-Бука  жолундагы Сары-Булак участкасын Өзбекстандын аскерлеринин басып алышы суверендүү мамлекетке кол салуу деп эсептелип, Унгар тоону “Өзбекстандыкы” деп  атап, Өкмөттүн чечим чыгарышы кыргыз элине чыккынчылык деп таанылат.
Ал эми  өзбек  аскерлеринин Кыргызстандын чек арасына кенен-кесир кирип келип, Кыргызстандын эгемендүү жолуна бетон тосмолорду орнотуп, ээн-эркин көзөмөл постун коюшуна жол берген кыргыз чек арачыларынын ишин жок деп эсептейбиз  жана республиканын  чек ара башчысы токтоосуз  кызматынан алынуусу зарыл.
Ошондуктан, бул маселенин тез аранын ичинде Жогорку Кеңеште кезексиз каралышын, тийиштүү чечим алууну, күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылабыз. Жогорку Кеңештин жыйынына Кербен шаардык, Кашка-Суу айылдык кеңешинин депутаттары катышсын жана бул маселени кароону  түз эфирде берүүсүн өтүнөбүз.
Сиздерге Кыргыз Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-ноябрындагы №117/18 сандуу чечиминин көчүрмөсүн тиркейбиз.
“Аксы коомунун”  мүчөлөрү:  (53 адамдын колу)

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 28 = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: