Menu

Фотобаян – Таш-Көмүр шаарындагы милициянын тинтүү операциясы

Бөлүшүү:

Жалал-Абад областынын аймагында диний экстремизм жана терроризмдин алдын алуу максатында, алынган ыкчам маалыматтардын жана Таш-Көмүр шаардык сотунун тинтүү жүргүзүүгө уруксат берген токтомунун негизинде Таш-Көмүр шаарынын аймагында каттоодо турган “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун  активдүү мүчөлөрү жана үгүтчүлөрү жашаган жана бул уюмга байланыштыгы шектүү атуулдардын 5 үй дарегине тинтүү жүргүзүлдү.
Тинтүү учурунда мыйзамсыз буюмдарды жашырууга аракет кылгандар да кездешти. Далил буюм катары ар кандай флешкалар, видео кассеталар,видео дисктер, китеп, баракчалар, уюлдук телефондор,сим карталар, компьютерлер күбөлөрдүн (кошуналары, жакын туугандары,айыл башчылары) катышуусунда алынды. Бул тинтүү иш-чарасына жалпыга маалымдоо каражаттары да күбө болушту.
Топтолгон материалдар  Таш-Көмүр ШИИБнүн Тергөө бөлүмүнө өткөрөлүп берилди.
Алынган далил буюмдарга соттук-теологиялык экспертиза дайындалып, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
Айта кетүүчү жагдай, 2015-жылы “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун  3 атуулу бул мыйзамсыз уюмдан чыккандыгын жалпыга эл астында билдирген.
Обыск тинтүү
Обыск тинтүү3
Обыск тинтүү4
Обыск тинтүү5

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: