Жергиликтүү соттордун жаңы дайындалган 18 судьясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьяларынын катышуусунда ант беришти. Иш-чараны салтанаттуу түрдө Жогорку Соттун Төрайымы Айнаш Токбаева ачты.
Кесиптештерин куттуктап жатып, кыргыз Фемида башчысы А. Токбаева жооптуу кызматты аркалаган судьяларга ийгилик каалады.
Жалал-Абад облусунун Аксы райондук сотунун судьялары:
– Батыралиев Кайрат Абдуллаевич;
– Дарманкулов Манасбек Маширапович;
– Насирова Ташкан Жумабаевна;
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунун судьялары:
– Маматов Темирбек Тайырбекович;
– Миталипов Шарипжан Таштемирович;
– Нармырзаев Марклен Алтынбекович;
– Эргешов Сулайман Кадырбекович;
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык сотунун судьялары:
– Апысова Аида Айдаралиевна;
– Сулайманова Эльмира Миталовна;
– Умөталиев Кубаныч Токтомуратович;
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык сотунун судьялары:
– Миркамилов Нурлан Мирпазылович;
– Ыманбеков Памирбек Жакыпбекович;
Ош шаардык сотунун судьялары:
– Истамкулов Кылычбек Маканбаевич;
– Кадырова Адинахан Сулеймановна;
– Курманбеков Темирбек Улукбекович;
Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун судьясы:
– Туманова Венера Суйунбаевна;
Ош облусунун Чоң-Алай райондук сотунун судьясы:
– Эргешова Элиза Исаковна;
Чүй облусунун Чүй райондук сотунун судьясы:
– Курманова Гуляй Эсеновна.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2016-жылдын 23-мартында «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.
Жаңы шайланган Жалал-Абад жана Ош облусунун шаардык, райондук сотторунун, Чүй облусунун Чүй райондук сотунун судьялары биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө дайындалышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ