Menu

Өзбекстан аскерлерин алып чыгып кетти

Бөлүшүү:

26-мартта, Аксы районунун аймагындагы Чала-Сарт участогунан Өзбекстан өз аскерлерин толугу менен чыгарып кетти. Бул тууралуу Мамлекеттик Чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөнбиев президент Алмазбек Атамбаев жана премьер-министр Темир Сариевге маалымат берди. Бул тууралуу өкмөт башчынын басма сөз кызматы билдирди.

25-мартта түштөн кийин Өзбекстандын демилгеси менен башталган чек ара боюнча сүйлөшүүлөр дээрлик бир күнгө созулган. «Кызыл-Кыя автожолу» чек ара өткөрмө бекетинде өткөн сүйлөшүүлөрдү Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиев менен Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын чек ара аскерлеринин командачысы Рустам Эминжанов жүргүзгөн.

18-мартта 7:40тар чамасында Ала-Бука районунун Могол аймагында кыргыз-өзбек чек арасындагы Чаласарт тактала элек тилкесине Өзбекстандын аскерлери 2 БТР жана 2 “Камаз” үлгүсүндөгү унаа 35-40 аскерлери менен мыйзамсыз кирип келген. Кыргызстандыктарды тосулган аймактан өтүүсү үчүн паспортторун дагы текшеришкен.
“Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык” деген накыл кепке өзбек туугандарыбыз татыксыз болуп жатканын билебиз. Бир туруп чек ара чырын чыгарса, күтүлбөгөн жерден газ бербей токтотуп салып, эми аскерлерин кийирип жиберип жатат.

Аскерлерин кыргыз жерине киргизип өзүнүн күчүн көрсөтөйүн деп аракет кылган дешет айрымдар. Ал эми кыргыз өкмөтү тарап болсо Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы бир нече талаштуу обьектилерди (суу түтүктөрү, каналдар,) чечкиндүү түрдө кыргыз тарапка алып алганбыз, ошого өзбек бийлиги чычалап атат деген сыяктуу маалымат беришкен эле. Эмнеси болсо дагы сүйлөшүүлөрсүз аскерлерин киргизип жиберүү менен Ислам Каримов кыргыз элине жаман көрүнүп алды.

Ислам Каримов эл аралык саясатты жакшы түшүнгөн адам. Кремл менен батыштын айткандарын кулак сыртынан кетирбейт. Ал Кыргызстанга аскерлерин киргизүү менен батыштын кызыкчылыктарын аткарып Орусияга каршы иш кылып аткандыгы тууралуу интернет булактарында пикирлер айтылган. Тактап айтанда Борбордук Азиядагы абалды дестабилдештирүү. Эми бул айтылган сөздүн канчалык чын төгүнү бар экенин биз үчүн аныктоо кыйынчылык жаратат.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри 24-мартта Москвага келип АКШ менен Орус мамилеси жана ар түрдүү маселелер боюнча сүйлөшүшүп жатат. Ал жерде биздин кошунабыз менен болгон чек ара чатагы сүйлөшүлгөн жок деп эч ким айта албайт. Өзбекстан менен биздин чек ара чатагыбыз ОДКБнын күн тартибине коюлду, демек эл аралык орчундуу маселеге айланды.

Булак: “Эгемен”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: