«Бул чындык. Анткени Атамбаев менен Кубанычбек Кадыровдун атасы 1987-жылдан бери дос болуп, Атамбаев куугунтукта качып, эч жерге батпай жүргөндө, так ушул Кубанычбек Кадыровдордун үй-бүлөөсү менен катышып, козусун жеп, колтугуна кирип, булардын ардактуу коногу болгон» – деп билдирди бүгүн, 28-мартта Кyrgyztoday.kg маалымат агенттигине Кубанычбек Кадыровдун жактоочусу Акин Токтоналиев.
“Убакыт өтүп эмне болду? Атамбаев бийликке келгенде жакын санаалаштарын унутуп, туз ичкен жерине түкүрбөстөн какырды. Мына, азыр Кубанычбек Кадыровдун атасы дагы куугунтукта Америкада жүрөт. Аны элдин баары билет. Ал эми Кубанычбек Кадыров, Атамбаев башын кашып, отурганга жер таппай жүргөн кезде ушул кишинин жанынан чыккан эмес. Эми ким болду жана эмне болду? Мен муну менен эмнени айткым келип турат, Атамбаев карышкыр болуп, жакын санаалаш, оор күндөрү жанында жүргөн Кубанычбек досуна кол салып, алкымдан алды. Бул дегендик Атамбаевдин көзүн май эмес, “марионеткалар” каптап калган дегендикти түшүндүрөт” – деди жактоочу Акин Токтоналиев.
Гүлжан Шерипбаева, Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ