Шаар кеңешиндеги дагы бир бүйүр кызыткан маселе, Шаардык тез жардам кызматынын башкы врачы Искендер Шаяхметовдун бейтаптардан кызылдай акча жасап, бул кызматын бизнес долбоор катары көрүп алганы болду.
Тагыраагы, шаар депутаты Жамалбек Ырсалиев 103-тез жардам кызматына жубайы ооругандан кайрылса, телефондун аркы учундагылар бригада жетишпей жатканын, кокус шашылыш болсо 151-жеке тез жардам борборуна кайрылуусун суранат. Бул көрүнүш эки-үч курдай улангандан иликтей келсе, тиги жеке тез жардам борбору так ошол Шаардык тез жардам мамлекеттик борборунун башкы врачы Искендер Шаяхметовдуку болуп чыгыптыр. Эми бул барып турган бетсиздик. Өзү өкмөттүк кызматта иштеп туруп бейтаптар менен ойноп, жеке бизнеси үчүн ал керек болсо мамлекеттик мекеменин унааларын колдонуп жатканы кайсы моралга, кайсы мыйзамга сыят?
Мына, коррупция менен күрөшүп жаткандар мындай фактыларды мурдатан көрбөгөнү, биздеги коррупциянын канчалык күчтүү жана амалдуу экендигинен кабар берип турат.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ