Menu

Бүгүн, УКМКнын астанасын Дастан Сарыгулов атташы мүмкүн

Бөлүшүү:

Оппозициянын бийликти басып алуу планына катышкан деген шек менен кармалган энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков, экс-депутат Кубанычбек Кадыров, экс-губернатор Бектур Асанов эки ай УКМКнын тергөө абагында болот.
Оппозиция лидерлеринин камакка алынышына 22-мартта жарыяланган интернеттеги сүйлөшүүлөр себеп болгон. Ушул эле иш боюнча Дуулат Турдуналиевге учурда издөө жарыяланды.
Такталбаган маалыматтарга караганда, бүгүн УКМКнын астанасын Дастан Сарыгулов атташы мүмкүн. Андан сырткары 30 га жакын оппозиционерлер “кара тизмеге” түшкөндүгү кабарланууда.
Укук коргооочу Акин Токтоналиевдин айтымына караганда, “оппозиционерлердин камалганы саясий куугунтуктоо. Анткени булар, элдин алдына чыгып, мамлекетти басып алабыз деп кыйкырган, чакырган жок. Кыргыз Республикасынын Текебаев жазган, Убактылуу өкмөт колдоп кабыл алынган конституциясынын 31-беренесинде ар бир жаран өзүнүн оюн айтканга укугу бар, бул мыйзамга туура келет. Бийликтин оппозицияны камаганы туура эмес чечим, мыйзамсыздык”, – деди Акин Токтоналиев.

Гүлжан Шерипбаева, Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 + = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: