Menu

Кылмыштуулуктун алдын алуу анын кесепеттери менен күрөшкөнгө караганда кыйла жеңил

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралды. Бул багытта демилгечи депутат Кыянбек Сатыбалдиев баяндама жасады. Анын айтымында, азыркы убакта диний экстремизм жана эл аралык терроризм Кыргыз Республикасы үчүн масштабдуу коркунуч келтирүүдө. Ошондуктан, -“Диний экстремизм жана эл аралык терроризм менен байланышкан кылмыштарды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү бөлүгүндө бирдиктүү укуктук негизди түзүүнү камсыз кылуучу мыйзамдык актыларды өркүндөтүү алар менен күрөшүүнүн бирден бир усулу болуп саналат”,- дейт демилгечи депутат.

Андан тышкары жазык мыйзамдарынын колдонуудагы ченемдери жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштар үчүн 16 жаштан төмөн адамдарды жазык жоопкерчилигине тартууга мүмкүнчүлүк бербейт. Статистика көрсөткөндөй, экстремисттик маанидеги материалдарды сактаган, таркаткан, аскердик аракеттерге катышуу үчүн Сирияга чыгып кетишкен жана бул адамдарга тиги же башка формада көмөкчү болушкан адамдардын арасында 14-15 жаштагы жашы жетпегендер аз эмес. Аларга арзыбаган акчаларды берип, арам ишке тарткан учурларга жол бербеш үчүн жаза чараларын катаалдаштыруучу кадамдар керек,- деген депутат К.Сатыбалдиевдин сунушу комитет мүчөлөрүн ынандыра алган жок.

Депутат Тазабек Икрамов,- “Жашы жете элек балдарга карата жаза чараларын катаалдаштыруудан мурун, аларга туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, алардын кылмыш чөйрөсүнө аралашуусунан коргой турган иштер аткарылыш керек. Мисалы, “Ыйман” сабактары сыяктуу предметтерди окутуу бул иште ак-караны ажыратып билүүдө негизги таяныч болот”,- дейт.

Депутат Наталья Никитенко да алдын алуу иштерине караганда кесепетттер менен күрөшүү бир топ кыйын экендигин эске салып, Сирияда жүргөндөрдүн арасында 80ге жакын балдардын бар экендигин белгиледи. Алардын арасында жашы жете электердин жолуккандыгы тынчсыздандырат,- дейт депутат. Андыктан ал билим берүү, маданият жана массалык маалымат каражаттары аркылуу туура идеологиялык багыт берүүзарыл,- деп кошумчалады.

ИИМге жөнөткөн сурамжылоосуна алган жообу менен тааныштырган депутат Ашера Халикова өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун жылдан-жылга өсүп жаткандыгы тынчсыздандыруучу көрүнүш деп белгиледи. Ошол эле учурда ал бардык тиешеси бар министрликтер менен чогуу олтуруп өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук темасын талдап чыкпаса, бул бир эле талкуу менен бүтүп калчу маселе эмес,- дейт. Эл өкүлүнүн сыпаттамасы боюнча балдар 7-8 жашында сабаттуулуктун сырларын ар кыл түстө талдоого көнүксө, ал эми балдар 14-15 жашка келгенде коомдогу бардык көрүнүштөрдү губка сыяктуу жакшы-жаманына карабай, өзүнө сиңирип ала берет. Ал эми 18ге келгенде кайсыл бир маселени жеке өзү талдап, пикирин коргой турган куракка келет.

Ошол жогорудагы айтылгандары туура көргөн комитет өкүлдөрү бир добуштан 14-15 жаштагы жашы жетпегендерди терроризм жана экстремизм багытында кылмышка тартууга жол бербөө керек деген сунуш менен талкууга коюлуп жаткан «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 25 = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: