Menu

Кытай куксисинен көрө кыргыз жупкасы пайдалуу

Бөлүшүү:

Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айылынын тургуну Дуулат АСАНОВ үй шартында жасалган жупка чыгаруучу чакан ишкана ачып, ийгиликтүү иштетүүдө. Апасынын атынан «Нуска» деп атап каттоодон өткөн бул чакан ишкана жупканын түрлөрүн атайын стандарттуу идиштерге салып, этикетка жармаштырып саттыкка чыгарууда. Айрыкча кары кишилерге, туристтерге арналып чыгарылып жаткан бул азык Бишкек шаарынын дүкөндөрүндө да сатылууда.

 — Дуулат мырза, чакан айылда туруп жакшы ишкерлик менен алектенип жаткан экенсиң. Жупка жасоого кандайча кызыгып, бул ишкерликти кантип баштап калдыңар?

– Негизи бул менин карындашым Кенженин идеясы. Борбор калаабызда студент болуп жүргөн кезибизде апам жупка жасап туруп бир баштыкка түйүп берчү. Студенттик куракта аябай жакшы күлазык эле. Анан эле Кытайдан келген кукси дегендер чыга баштады. Курулуш ишиндеби, үйдө болобу куксини ичип жүргөндөрдү көрүп, ушундай эле тез даяр болгон жупканы чыгарсак эмнеге болбойт деп бул ишке киришкенбиз. Алгач үйдөн жасап тарата баштаганыбызда муну өзүбүз деле жасап алабыз да деп көргөндөр күлүп да жүрүштү. Алуучу кардарларыбыз да жок болчу. Алты айдай жөн гана чыгаша болуп жүрдүк. Борбор калаабызга келип, Дордой, Ош базарларына жупканы бекер тараткан күндөрүм да болду.

– Кичинекей ишкерлик бүгүн кандай,  кардарлар көбөйүп калдыбы?

– Алгач жубайым, карындашым үчөөбүз иштеп жатканбыз. Учурда кудайга шүгүр карамагыбызда  сегиз адам иштеп жатат. Бишкекке, Ошко, Таразга жөнөтүп турабыз. 200, 300 даана жупка керек деп заказдар түшүп калат. Биз дайындап беребиз. Кардарларыбыз күн санап көбөйүп келет. Биздин бул ишкерлигибиздин келечеги кенен деген үмүттөмүн. Маркум Табылды Эгембердиев агабыз максым- шорону кандай деңгээлге көтөрүп кетти. Кыргыздын даамы болгон жупка дагы ата-бабабыздан калган эң пайдалуу, сиңимдүү, эң ыңгайлуу азык деген ойдомун.

IMG_1132-minЖупкага сары май, сүзмө керектелет эмеспи. Бул азыктар өзүңөрдөн чыгабы?

— Алгач өзүбүздүн уйдун сүтү эле баарына жетчү. Кийин азыктар көбүрөөк керектеле баштады. Сатып алган сүзмө, сары майлар ар кандай болуп калат экен. Базардан алсаң ар кандай кошулмалар кошулган сары майга, быштактай болгон сүзмөлөргө туш болосуң. Ошондуктан каймакты эле сатып алып, сары майды өзүбүз дайындайбыз. Сүзмөнү да ишеничтүү адамдарга табыштайбыз.

-Алгач тажрыйба жүргүзүүнүн негизинде иштеп, бир топ кыйынчылыктар жаралыптыр. Бүгүнкү күндө үзүрүн көрүп, үй-бүлөлүк бюджетиңерге кирешелер кире баштадыбы?

-Баардык нерсеге сабырдуулук жана эмгек керек эмеспи. Көп ишкерликке киришкендер кичине кыйналса токтотуп коюшат. Кудайга шүгүр азыркы учурда үзүрүн аздап көрө баштадык. Биздин колдон жаралган жупка да ар бир дүкөн текчелеринен орун алат деген үмүттөбүз.

Жупканы кантип жасайбыз? 

Жупканы мындай күндөрү жасабаганыбыз менен, ыйык Рамазан айында көпчүлүктүн сүйүктүү даамына айланат. Анткени ал тоюмдуу жана сиңимдүү тамак болуп саналат.

Керектелүүчү азыктар: 200 грамм ун, 1 стакан суу, татымына жараша туз.

Даярдоо ыкмасы:  Буудай унунан катуу камыр жууруп, тыныктырып коёбуз.

Тыныккандан кийин четинен үзүп алып, калыңдыгы 1-2 миллиметрдей кылып жайып алабыз. Жайылган камырды какшыган казанга же көмөчтанга улам бирден каттап салып, жети-сегизден жуптап бышырып алуу керек. Улам оодарып, отту бирдей кармап, баарына саресеп салбаса күйүп кетиши ыктымал.  Даяр болгон жупканы кесеге туурап, үстүнө сары май, эзилген сүзмөнү салып кайнак суудан куябыз. Татымына жараша туз саласыз. Үч мүнөттөн соң тамагыңыз даяр. Табитиңизге жараша кара мурч, майда тууралган пиязды кошуп ичсеңиз да болот.

Жупканы алдын ала даярдап, майдалап, кездемеден тигилген баштыкта 1 жылга чейин сактасаңыз болот. Анан да бул азык алыс жолго чыкканда алып жүрүүгө да ыңгайлуу.

Жупканы шорпого, сүткө, эзилген курутка чылап ичсе да болот.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА

Булак: “Жаңы Агым”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: