Түндүк Кореянын болпойгон лидери Ким Чен Ын батыштын, Американын анан коңшусу Түштүк Кореянын түн уйкусун бузуп атат. Дегеним, мындан үч күн алдыда эле Пхеньян орто аралыкка учуучу үч ракетасын сынап, БУУнун Коопсуздук кеңеши муну алар-дын резолюциясын бузгандык жана «кабыл алынгыс» деп атаган.
Ал эми ушул айдын башында БУУнун Коопсуздук кеңеши январда өзөктүк сыноо өткөргөнү, андан кийин февралда узак аралыкка учуучу ра-кеталарын сынаганы үчүн Түндүк Кореяга жаңы санкцияларды киргизген. Түштүк Кореянын маалымат агенттиктери өлкө армиясынын Башкы штабына шилтеме жасап кабарлагандай, Түндүк Корея кечээ кыска аралыкка учуучу беш ракетасын атып, ал деңизге түшкөн.
10-мартта АКШ менен Түштүк Корея биргелешкен аскерий машыгууларын баштагандан бери Түндүк Корея ракеталарын үч ирет сынаган. Лидер Ким Чен Ын бул машыгууларды Пхеньянга «кол салууга» даярдык катары айыптоодо.
Булак: “Де-факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ