Menu

Обама өзү жөнүндөгү макалаларды алдын ала редакциялабайт

Бөлүшүү:

Обама бул туурасында Тонер сыйлыгын тапшыруу аземиндеги кечеде сөз кылды.

АКШ президенти Барак Обама Орусиянын президенти менен аңгемелешүү учурунда Владимир Путинден айырмаланып, өзү жөнүндөгү макалалар жарыкка чыгарда редакциялабай тургандыгын ачыкка чыгарган.

The Forbes билдиргендей, Обама бул жөнүндө 2015-жылдагы саясий журналистикада жараткан мыкты ийгиликтери үчүн ыйгарыла турган Тонер сыйлыгын тапшыруу учурунда айтып берди.

The Blaze басылмасы жазгандай, Обама Путин менен Atlantic журналындагы макала туурасында пикир алышкан. Макалада америкалык администрация жетекчисинин тышкы саясаты жөнүндө сөз болгон. Обаманын айтканына караганда, Путин макаладагы айрым пикирге макул эместигин билдирген. Буга жооп кылып Обама макалада камтылгандар анын тигил же бул маселе боюнча пикирин толук чагылдырбай тургандыгын айткан. “Владимир, мен сендей болуп жарыялана элек материалдарга оңдоп-түзөөлөрдү киргизип отурбайм” деп кошумчалаган Обама.

Муну менен катар кечеде АКШдагы үгүт жараяны жөнүндө дагы кеп козголду.

Барак Обама “орой риторика, митингдер учурундагы баш-аламандыктар, ишке ашпай турган убадалар” аны кабатырлантып жаткандыгын айтты. Ошондой эле журналисттерди шайлоо кампаниясына тиешеси бар материалдарга жоопкерчиликтүү мамиле кылып, жогорку стандарттарга ылайык иштөөгө чакырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: