Кербенде 22-мартта болуп өткөн кыргыз-өзбек чек арасы боюнча митингден кийин Аксы районунун Кербен шаарынын жашоочусу, коомдук активист Камчыбек уулу Шекербек менен менен байланышып, куш тилиндей суроо узаттык.
– Митингге катышып, өз оюңузду, элдин муктаждыгын айтканыңыз үчүн бийлик тарабынан кысым көрсөтүлүп жатканын жазыптырсыз. Мына ошол туурасында айтып берсеңиз?
— Бийлик тарабынан кысым көрсөтүлүп жатканы ырас. “Кагат” каймана аты бар Алмаз деген келип “өлөсүң, жок болуп кетесиң”,- деп коркутуп кеткен. Мындай коркутуу азыр деле болуп жатат. Райондун акими Медетбек Айдаралиев, райондук милициянын начальниги М.Добулбековдун кылган иши деп билем. Анткени, “Кагаттын” кишилеринин арасында милиция кызматкерлери да жарандык форма кийип жүргөн. Мындайча айтканда кылмышкерлер менен милициялар чогуу жүрүшөт. Бийлик мына ушуга чейин барып атат. Мени Жалал-Абаддын атайын кызматынын чакыруусу менен азыр ал жака бара жатам.
Булак: “Факт.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ